Соңку мезгилде бийликтин жогорку сересинде отургандар Бакыт Төрөбаевдин саясаттагы айтканынан кайтпаган өжөрлүгүнө ичтери чыкпай жатканы жашыруун болбой калды. Кыска убакта “Өнүгүү-Прогресс” партиясын чейрек кылымдык тарыхы бар КСДП, “Ата Мекен” сыяктуу эл оозуна алынган партиялардын катарына кошуп, парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңештин босогосун аттатышы анын чыныгы лидерлик сапаты бар, алысты көрө билген саясатчы экенин көргөздү. Өзгөчө эл менен иштешүү, адамдарды өзүнө тартуу, ынандыруу, ишенген адамдарына колдоо көрсөтүү, бирөөнү жолго таштап кетпеген туруктуу мүнөзү аркылуу бийик аброй топтой алды. Негизгиси саясаттагы бирөөнүн көзүн карап жалтаңдабай өз ой-пикирин түз айткан, беттеген багытынан кайтпаган эр жүрөктүүлүгү, партиясынын имиджин ойлоп, кызыкчылыгын коргогон лидер катары саясий айдыңда эл оозуна алынды. Мындай саясий лидерге татыктуу сапат бийликтин мыйзам бузуу аркылуу зордук менен Конституциялык өзгөртүүлөрдү кабыл алдырууга жасаган аракетине кескиң каршы турушунан ачык көрүндү. Муну менен Бакыт мырза лидер катары “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын аброюн сактап, тазалыкты, жоопкерчиликти туу туткан саясатчы экенин далилдеди. Тилекке каршы, мындай абал бийликке жакпай “Өнүгүү-Прогресстин” лидеринин эл үчүн ак ниеттен жасалган МТСтерин, бизнестерин иликтеп укурук ыргытуу амалын издетүүгө аргасыз кылып жатат. Бирок мындан майнап чыгыш күмөн. Анткени мыйзамдуу иштен кынтык издөөнүн өзү абсурд эмеспи.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ