Menu

Бажов кайрымдуулук фонду «Бажов Кыргызстанда» долбоорун Екатеринбург шаарында презентациалады

Бөлүшүү:

11-декабрда Бажов кайрымдуулук фонду «Бажов Кыргызстанда» долбоорун Екатеринбург шаарында презентациалады. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Презентация белгилүү орус, совет жазуучу Павел Петрович Бажовду (1879-1950) эскерүү кечесинде болуп, анда Свердлов районунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри В.В.Козлов, Региондун Маданият министринин орун басары С.В.Радченко, «Бажов» фондунун башчысы С.В. Полыганов, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, коомдук, анын ичинде улуттук-маданий бирикмелер жана КМШ өлкөлөрүнүн консулдук мекемелеринин башчылары катышты.

Бажов кайрымдуулук фонду, президенттин Гранттык фонду жана Свердлов районунун Маданият министрлигинин колдоосу менен, жогорудагы долбоордун алкагында П.П.Бажовдун эң атактуу «Таш гүл» жомогунун орус жана кыргыз тилдериндеги басылмаларын презентациялады. Китептер Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнө, Кыргызстандын билим берүү мекемелерине жана китепканаларына акысыз берилмекчи.

Кыргыз Республикасынын Екатеринбургдагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов “Бажов Кыргызстанда” долбоору ишке ашырылып жаткандыгына жана китептер басылып чыккандыгына ыраазычылыгын билдирип, Урал жазуучусу П.П.Бажовдун чыгармалары кыргыз элине илгертен бери таанылуу жана кызыктуу болгонун белгиледи. Ал, айрыкча Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы кайчылаш жылынын алкагында ишке ашырылып жаткан долбоор эки мамлекеттин элдеринин маданий алмашуу жагынан өтө маанилүү жана пайдалуу экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында сүрөттөрдүн көргөзмөсү, театралдаштырылган программа, кеченин катышуучулары тарабынан аткарылган оюн-зооктор, П.П.Бажов жомокторунун негизинде тартылган “Кескелдирик кайтып келет” тасмасынын бет ачаары дагы уюштурулду. Кыргызстандын Башкы консулдугунун кызматкери кеченин катышуучуларына Урал жазуучусунун чыгармасынан үзүндү кыргыз тилинде окуп берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: