Menu

Дастанбек Жумабековдун наамына спикерликке шайланганына байланыштуу куттуктоолор келүүдө

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун наамына спикерликке шайланганына байланыштуу Казакстандын Парламент Сенатынын Төрагасы Касым-Жоомарт Токаевден, Тажикстандын Оли Милли Мажлисинин Төрагасы Махмадсаид Убайдуллоевден куттуктоо телеграммалары келди. Бул туурасында Жогорку кеңештин расмий сайты жарыялады.

Касым-Жоомарт Токаевдин куттуктоосунда төмөнкүлөр айтылат: «Сиздин Кыргызстандын Жогорку Кеӊешинин Төрагалыгына шайланышыӊызга байланыштуу чын дилимден куттуктайм.

Мурдатан салтка айланып калган достук бекем байланышыбыздан улам Казакстан менен Кыргызстан кызматташтыктын баардык тармагында ийгиликтерге жетишти. Айрыкча чыныгы стратегиялык мүнөздөгү көптөгөн маанилүү маселелерди оӊ чечүүгө өбөлгө түзгөн жана боордоштук мамилелерибизди бекемдеген парламенттер ортосундагы байланыштарды баса белгилей кетким келет.

Быйыл биз эки өлкөнүн дипломатиялык мамиле түзгөнүбүздүн 25 жылдыгы жогорку деӊгээлде белгиленди. Ошондон улам, эки тараптуу жана көп тараптуу, анын ичинде ТүркПА, КМШ ПАА, ЕККУ ПА алкагындагы парламенттер аралык кызматташтык мамилелерге өзгөчө көӊүл бурулууда.

Кыргызстандын бакубат келечегине багытталган ишиӊизде ийгиликтерди, Сизге чыӊ ден-соолук, узак өмүр каалаймын».

Ал эми Махмадсаид Убайдуллоевдин телеграммасында мындай деп айтылат: «Сиздин Кыргызстандын Жогорку Кеӊешинин Төрагалыгына шайланышыӊыз менен чын дилимден куттуктайм. Боордош тажик жана кыргыз элинин ортосунда жандуу жана жогорку деӊгээлде уланып келаткан парламенттер аралык кызматташтык мамилелер мындан ары ийгиликтүү улана турганына ишенич артамын.

Кыргызстандын бакубат келечегине багытталган ишиӊизде ийгиликтерди, Сизге чыӊ ден-соолук, узак өмүр каалаймын».

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: