Шайлоонун таза өтүшүнө шарт түзчү БШК ич ара ит-мышык оюнун азыртадан сала баштады. БШКнын төрт мүчөсү Атыр Абдрахматова, Назарали Арипов, Гүлнара Журабаева, Елена Жылкычиева жетекчилиги кандай иштерди алып барып жатканын айтып, нааразы болуп жатканын айтып чыгышты. Алар пикирлери эске алынбай, укуктары тебеленип жатканын билдиришкен. БШКнын ичинде кайнап аткандар өздөрү таза шайлоого шарт түзүлбөй жатат деп ыйламсырап жатса, эртең таза шайлоо өткөрдүк деген Шайлдабекованын кебине ким ишенет? Шайтан оюндар Борбордук шайлоо комиссиясында күчөп жатса, жер-жердеги шайлоо комиссияларында кандай оюндар жүрүп жатканын элестетүү кыйын го.
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ