Menu

Өкмөт: Жалал-Абад облусунда катталган үй-бүлөлүк зомбулук фактысы көзөмөлгө алынды

Бөлүшүү:
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда катталган үй-бүлөлүк зомбулук фактысын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көзөмөлгө алды.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык түйүндөрдө аялды эркектин кордоп жаткан видеосу тараган.
Бул үй-бүлөлүк зомбулук фактысы дүйшөмбү күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында каралат.
Маалымдама: 2012-жылы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш гендердик өнүгүү маселеси боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну координациялаган, кеңеш берүүчү  орган болуп саналат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: