Menu

Видео – “Коля Киргиз” менен “Сакалдын” жигиттеринин ортосунда “рамс” – “согуш” башталды

Бөлүшүү:

Кечээ, 10-апрелде кримтөбөл “Коля-Киргиз” – Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун “Дөө-Чыңгыз” – Чыңгыз Жумагулов  баштаган жигиттери дагы бир кримтөбөл “Сакал” – Улан Токтосуновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Иляс Абдыкадыров жана Урмат Асылбеков аттуу жигиттерин сабап өлтүрүшкөндүгү белгилүү болгон.

Биздин укук коргоо органдарындагы жеке булактар кабарлагандай бул жаңжалдын чыгышынын себептеринин бири – быйыл 15-мартта Беш-Күнгөйдө курал колдонуу менен тонолуп кеткен 320 миң доллар болгон. Тонолгон ишкерлерге “Коля Киргиздин” тобу “крыша” болуп келген.

Ал эми ишкерлерди тоногондор “Сакалдын” тобунун кечээ өлтүрүлгөн жигиттери болгон деп билдирет биздин жеке булактар. Ошондо “Сакалдын” жигиттери “Коля Киргиздин” таасириндеги аймакка кирип кеткен. Натыйжада аёосуз жазага кириптер болушкан.

Билермандардын айтуусунда кылмыш дүйнөсүнүн мыйзамдары боюнча эми “Сакал” тараптан “ответка” болушу мүмкүн. Бул эки уюшкан кылмыштуу топтун ортосундагы “рамс” – “разборка” – “согушка” алып келет.

Баса, биздин булактар кошумчалагандай, Атамбаевдик режимдин заманынан тартып бардык олуттуу акчасы бар ишкерлер уюшкан кылмыштуу топко көмүскө салык төлөөсү нормага айланган.

https://www.youtube.com/watch?v=XjH26SAt0_0&t=7s

Булак: KyrgyzToday

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: