Menu

Ысык-Көлдө орусиялык журналист каракталды

Бөлүшүү:

Ысык-Көлдө быйылкы туристтик сезон башталбай жатып эле эс алуучулар, болгондо да чет элдик туристтер үчүн күтүлбөгөн “сюрприз” болду. 9-июлда түнкүсүн Бостери айылында жайгашкан «Бостеринская ривьера» коттежиндеги Россиянын “ВГТРК” телеканалынын журналисти Виктор Ткаченко үй-бүлөсү жашап жаткан бөлмөгө түнкү саат 3кө жакын белгисиз бирөө терезеси аркылуу кирип, 2 чөнтөк телефонун жана акчасын уурдап кеткен. Андан сырткары Ткаченконун бир кызы уурдап бараткан кишини терезеден качып баратканын көрүп, аркасынан кууп жетпей калган. Бул фактынын бетин ачуу боюнча Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жана Ысык-Көл райондук милициясынын ыкчам иликтөө кызматкерлеринен топ түзүлүп иштеп жатат. Албетте, милиция кызматкерлери каракталган туристтер Россия жараны, баарынан да журналист экендиги үчүн гана тополоң түшүп, ууруну издөө аракетин көрүүдө. Анткени туристтик маал башталганда эс алуучуларды талап-тоноо, керек болсо уруп-сабап акчасы менен чөнтөк телефон жана башка баалуу буюмдарын тартып алуу көнүмүш адатка айланып калган.

Ал тургай кылмыштуу топтун мүчөлөрү атайын туристтерге “аңчылыкка” чыгышат. Ошондуктан жаткан бөлмөңө акча, баалуу буюм калтырууга болбойт, пляжда да сууга түшүп атканыңда карактап кетиши мүмкүн. Демек, “Кыргызстан туризмдин Меккеси” деп кыйкыргандар башканы коюп, туристтердин коопсуздугун камсыз кылып берсе эле чоң иш жасаган болот эле.

Булак: “Майдан.kg” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: