Menu

Эдил Байсалов: «Зилалиевде “Лиглассты” ким ээрчитип келген бүт фактылар колунда бар…»

Бөлүшүү:

— Эдил мырза, Өкмөт чехтердин шектүү делген компаниясы менен ГЭС куруу боюнча келишим түздү деп ызы-чуу салып жибердиңиз эле. Ал келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу боюнча чечимди Өкмөт кабыл алды. Көтөргөн маселеңиз жыйынтык бергени үчүн кубанып жатасызбы?

— Кубанганда эмне? Ушул шуру саткычтар ГЭС кура аларына 10 жашар бала да ишенген эмес. Бизге толугу менен жалган маалыматтарды тапшырышкан. Болуптур, алдандык деп коёлу. Бирок калпы чыккандан кийин өзүн сыйлаган мамлекет дароо эле ошол замат келишимди жокко чыгарыш керек эле да, туурабы? Булар болсо догурунуп “болсо болду, болбосо жок” деп туруп алышты өкмөттөгүлөр. “Что мы теряем?” дегендеричи. Убакыт бул эң кымбат жашоодо. Экономикада болсо, улуттук өнүгүү үчүн азыр бир күн бир айга кечиккенибиз, 2025-жылы жүз миллион доллар уттурганыбыз, кирешени албай калганыбызга барабар. Буларың болсо “алма быш, оозума түш” дегендей эле жүрүшөт.

— Чех ишкери балдарымды кимдир бирөө аңдып жатат деп билдирди. Алардын балдарын кыргыз тарап аңдышы мүмкүнбү? Келишимди жокко чыгарып жатканда бизге койгон дооматы болуп калдыбы?

— Чехияда бул эң чоң саясий скандалга айланып, октябрда парламенттик, февралда президенттик шайлоолордун тагдырын чечүүчү суроого айланды десем ишенбейсиңер. Ал жакта күндө бир канча чоң-чоң абройлуу гезит чыгат, жума сайын он чакты саясий журналдары басылат, ондогон телеканалдарын айтпай эле коёюн. Албетте, эң чоң “медиа охота” жарыяланган Смеликке. Бул биздин күнөөбүз эмес. “Шуру сатып жүргөн байкуштар алыскы мамлекетте миллиарддык келишимге кол коюшуптур” десе, кандай эле өлкө болбосун, бизде деле чоң сенсация жаратмак.

— Алар 37 млн долларды которо албай турганын өздөрү деле билишкен. Эмне үчүн ушул келишимге макул деп барышты? Ушул жагы кызык болуп жатпайбы?

— Булар эми бир байкуштар экен го. Чехтери дагы, берки биз жактагылары да. Тигилер көчөдө жүрүшсө, анан Исаковдор ушундай чоң сунуш кылып атышса, албетте макул болушту. “Жоктон жогору” деп. Биздин атыбызды сатып, Америкадагы биржага Атамбаевдин көзүнчө кол коюлган келишимди күрөөгө коюшту. Бирок орто жерде жанагы марихуаначы, мурунку соттолгон бир шылуундарга кайрылышты. Алар болсо эки барак жазып, фейсбук аркылуу “ким берет акча?” деп пост жазып отуруп алды. Ушуну көрүп, биз өзүбүз ишенбей турдук. Тажикстанга “Ситигруп” жана “Голдман Сакс” өңдүү мен-мен деген финансылык гиганттар жардам берип атат, биз болсо ишенген “инвестор” кайра өзү инвестиция издеп жүрөт, ортомчу болуп. Туура, мен дагы кат менен кайрылдым, коррупция жана кылмыштуулук болуп аткандарын жарыяладым. Ошол үчүн менин атымды атап атышпайбы Смеликтер “форс мажор” болду деп. Эми, албетте, бир адамдын пикири форс-мажор боло албайт. Булардын башынан эле кудурети жок болчу. Эптеп ортодо акча жасап алуу амалы болчу да.

— Жоопкерчиликти жеке өзүм алам деген киши кызматтан кетиши керекпи?

— Ал киши албетте кетиши керек. Мен билбейм, эмне сапаты боюнча бул жогорку кызматтарды аркалап жүргөнүн. Жогорку Кеңеште айтты эле, “Лигласс” төлөй албаса, башым менен жооп берем” деп. Эми бети кызарып да койгон жок. Өзү кайра бизге баатыр өзүнчө эле. “Бир миллион долларын алып алдык” деп күпүлдөйт. Ал акча “Лигласска” кайра кайтарылып берилет, эртеби-кечпи. Эч кандай юридикалык негиз жок алып койгонго. Келишим боюнча, ал кепил сумманы булар май айында чакан ГЭСтердин конкурсунун жобосу боюнча которушкан. Жогорку Нарын каскадына эч кандай кымындай тиешеси жок. Абийирин жабыш үчүн эми ошол акчаны элге көрсөтүп, мына таап келдик деп мактанып атышат. Бизге деги эл аралык инвестор келеби, жөн эле акчасын тартып ала берсек, эч негизи жок эле?! “Лигласс” боюнча кеткен жок бул жигит. Кече күнү Баткенге барып, ошол жерде мамлекеттик бүт кызматкерлерди топтоп алып “ичкен кудугуңарга түкүрбөгүлө, биздин талапкерди колдогула” деп коркутуп атат. Админресурсту контролдоочу жетекчи өзү админресурс болуп атат. Буга болсо жөн эле эскертүү берилди. “Эмне үчүн Исаков жумуштан ала албайт?” деп сурасаңыз, анткени, Зилалиевте бүт фактылар колунда бар, Исаков кандай жол менен “Лиглассты” ээрчитип келген, аферанын баардыгын ким уюштурганын жарыялайт. Ошол үчүн жумуштан албай турсун, кайра жагалданып атканын көрдүм Исаковдун.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: