Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет 18-сентябрдагы жыйынында «Медиа Холдинг Пирамида ЖЧКсын парламенттик телеканал кылып кайра түзүү маселесин карап, бул багыттагы жумушчу топ түзүү сунушун көтөргөн. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.
Эми бүгүн, 25-сентябрдагы олтурумунда аталган тармактык комитет ошол жумушчу топтун курамын аныктады. Комитет өкүлдөрү сунуштагандай, аталган жумушчу топтун курамында депутаттар А.Касымалиева, А.Токторов, Н.Никитенко иш алып барышат. Дароо эле жумушчу топтун төрайымы да дайындалып, ага Аида Касымалиеванын талапкерлиги көрсөтүлүп, жактырылды.
Жумушчу топ “Пирамида” телеканалын Жогорку Кеңештин карамагына өткөрүүнүн мыйзамдык жол-жоболорун тыкыр иликтеп чыкмакчы. Себеби, буга чейин 5-канал парламенттик телеканал болуп эсептелген жагдай бар. Аны жокко чыгаруу зарылчылыктары да бир топ убакытты талап кылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ