Согуш деген согуш. Ал жерде сөзсүз өлүм огу учуп турат. Дегеним, Сирияда орус армиясынын дагы бир жогорку кызматкери мерт болду.
Генерал-лейтенант Валерий Асапов Сириянын Дейр-эз-Зор шаарынын айланасындагы согушкерлердин минометтук аткылоосунан каза тапканын Орусиянын Коргоо министрлиги тастыктады. Маалыматка ылайык, снаряд командалык бөлүккө келип түшкөн. Генерал Асапов соңку бир аптада мерт болду деп кабарланган бешинчи аскер кызматкери болуп калды. “Рейтер” агенттиги жыл башынан бери Сирияда 40тан ашык орусиялык аскер каза тапканын кабарлаган. Бирок, Орусиянын Коргоо министрлиги он аскердик кызматкердин өлүмүн гана расмий тастыктаган.
Булак: «Майдан.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ