Menu

“Кумтөр” биздин кайгы-муңубуз, өкүнүчүбүз гана эмес, сыймыгыбыз, байлыгыбыз болуш керек

Бөлүшүү:

Алла-Таалам бизге бейиштей жериң гана эмес, толгон-токой жер байлыктарын да берген экен. Анын ириси “Кумтөр” алтын кени. Тилекке каршы ал кенди элибизге пайдасы тийгендей иштете албай, алдатып жибердик, бул кашкайган чындык. Ушуга элибиз чыдабай, канча көтөрүлүп нааразычылыктарын көрсөтүштү. Эми мен, ошол кетирилген катачылыктарыбызды, элибизди саткан кемчонтой төбөлдөрүбүздүн иштерин, анын айынан эбегейсиз зыян тарткан экономикалык жоготууларыбыздын баарын айтып отурбай бир эле мисал келтирейин.

Канадалык “Комеко” компаниясы келишим түзүп, ошол «Кумтөр” долборун баштаган. Алар ушул эле «Кумтөр” кенин бетине кармап банктардан насыяга каражат алышкан. Алар жасаган долбоордун күңгөй-тескейине карабай, далилдүү экспертизаларды жасабай макулдугубузду бергенбиз. Булар долбоорго кеткен каражаттарды, аз эсептелип калыптыр деп, дагы 180 млн АКШ долларын кошуп, «Кумтөр” ишке киргенде анда чыккан алтындарды сатып төлөп беришкен. Муну текшерип калппы, чынбы деген деле адам болгон жок. Башкача айтканда “Комеко” инвестор болуп, жыргаткан деле тыйын короткон эмес. Биз кыйын киши боло калып 5 жылдык налогдон да каникул бергенбиз. Келишим боюнча 70% пайда биздики деп жазылса да жарытымдуу каражат бизге түшкөн жок.

Эми ошол “Комеко” бизди эл аралык дагы бир “Центерра” деген компанияга түртө салып, Кумтөрдөн түшүрүп алган акцияларын кымбатка сатып жиберип куйругун түйүп жоголду. Ал бул акцияга кантип ээ болду, анын Кумтөрдө эч кандай мүлкү жок эле. Буга да унчукпай туруп бердик.

Ал эми “Центерра” болсо 2002–2009-жылдарда үч жолу келишимди өзгөртүп, өзүнүн укугун бекемдетип президент, премьер-министрлерге кол койдуруп аларды Жогорку Кеңеште, ал гана эмес Конституциялык сотто тастыктатып, биздин колу-бутубузду байлап таштаптыр. 2010-жылдагы революциядан кийин канчалык эл көтөрүлүп толкундашса да, биздин атка минерлер, депутаттар киришсе да биздин жагдайыбыз анча өзгөртүүгө жетишкени байкалбады. Айла кеткенде экологдордун кеңеши менен “Кумтөрдөгү” мөңгүлөрдү буздуң деп, доомат коюп биздин сотто утуп алдык. Бул жагдайда “Центерранын” жетекчилери “соттун чечимин аткарбайбыз, эл аралык сотко беребиз, Кумтөрдүн ишин токтотобуз” деп биз тараптын шаштысын кетирди. Ал убакытта Кумтөрдөгү кен казуу иштери такыр токтотууга болбойт эле. Анткени иш токтосо, жылып келе жаткан мөңгүлөр, тоо тектери урап карьерди басып калып, ал жердеги алтын кендердин запасын жоготуп алат элек. Мына ушундай шартта кыргыз өкмөтү менен Центерранын жетекчилеринин ортосунда узак убакытка созулган сүйлөшүүлөр жүргөн. Акыры мурунку премьер-министр С. Исаков бир аз биздин пайдабызды көбөйтүп, түзүлгөн келишимге кол койгон. Азыркы премьер- министр М. Абулгазиев дагы сүйлөшүүлөрдү кайрадан улантып бир топ жакшыртууларды киргизип, ал дагы кол койгон. Бүгүнкү күндө биздин урматтуу ЖК депутаттары ал келишимди биз да карайбыз деп күтүп жатышат. Адаттагыдай кызыл чеке болчудай болуп турат. Мына ушуга байланыштуу мен өз оюмду айткым келет:

“Болор иш болду, боёгу канды” дегендей “Кумтөрдүн” айланасында ар түрдү кептерди, божомолдорду айтып, элибиздин канын кызытып, уу-чуу сала бербей, анын келечеги боюнча, мындан ары ошондой катачылыктарды кетирбегендей кылып, иш алып баралы.

Кумтөр кенин казып алууга байланыштуу, бул аймакта түзүлгөн экономикалык-өндүрүштүк потенциалды өркүндөтүп, бийик тоолуу, татаал шартта иштеген кен ишканасынын бай тажрыйбасын, андагы калыптанып калган инженер-техникалык, жумушчу кадрлардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылышыбыз керек. Мына ушуга байланыштуу Кумтөр өрөөнүндөгү кен казууну улантып, узак убакыттарга иштей турган өндүрүш тармагына айландыруу үчүн, анын концепциясын түзүү учурдун талабы. Концепция төмөнкү маселелерди камтыш керек:

1. Ушундай чоң тажрыйбасы бар, кадрдык потенциясы бар өндүрүш тармагын үзгүлтүксүз иштетип туруш үчүн азыркы иштетилип жаткан кен аянтынын коңшулаш аянттарында чалгындоо жана бургулоо иштерин активдештирип жаңы кен чыкчу аянттарын аныктап, даярдык иштерин жүргүзүш керек. Геолог адистердин айтымында, азыркы казылып жаткан кендин батыш-чыгыш тараптарында жаңы кен аянттары болушу мүмкүн. Алардын болжолдору боюнча азыркы казылып жаткан кендин чыгыш жагындагы чеги Кытай республикасына чейин, ал эми батыш жагы Тажикстандан өтүп, Өзбекстандагы Мурун-Тоо деген алтын кенине чейин созулат деп айтышат. Ошондуктан бул жерлерди изилдеп, чалгындап келечеги бар аянттарда бургулоо жумуштарын жүргүзүп, жаңы кен аянттарын табуу керек.

2. Ошол жаңы табылган кендин запастары жаңы калыстык, адилеттүүлүк менен түзүлгөн келишимдер менен иштетилиши керек. Жаңы долбор жана келишим ачык-айкын болуш керек.

Антпегенде, канча жылдардан бери элибизде Кумтөр долборунун кадыр- баркы өтө төмөн түшүп, элибиздин калың катмарына кызыкчылыгыбызды сактабаган, алдамчылык менен түзүлгөн келишим катарында кабыл алынып калды. Ушундай шартта мындан ары такыр иштөөгө болбойт.

3. Кумтөрдүн ишин улантуучу жаңы долбоорлор терең изилденгенден кийин кабыл алышыбыз керек. Мында мөңгүлөргө таасир бербес үчүн кеңди жер астында казып алуу ыкмасына артыкчылык бериш керек. Албетте, кен катмарынын капталында жаткан тоо-тектеринин жумшактыгы, анан калса майда жарыктары бар экендигин эске алсак, тоо-кен өткөөлдөрүн өтүүдө кыйынчылыктар жаратат. Бирок, дүйнөлүк практикада ушундай шартта, мындан да оор шартта кен казуу тажрыйбалары абдан көп кезигет. Эгер жер үстүндөгү табигый жаратылышын бузбай, экологияга таасирин азайталы десек, ал жерлерде ушундай ыкманы көбүрөөк колдонушубуз керек.

4. Эгерде азыркы Кумтөр кенинин канатташ аянттарынан кен запастарын табуу, аларды иштетүүгө даярдыктары кечиксе, Кумтөрдөн алтын чыгаруунун көлөмүн кескин азайтпас үчүн, кошумча варианттарды да карап көрүшүбүз керек. Бул азыркы Кумтөр байытуу фабрикасынан чыгып жаткан саркынды — калдыктар. Бул жерде азыр жүз миллион тоннадан ашык калдыктар чогулуп, анда болжол менен 60–70 тонна алтын жатат. Бул албетте абдан оор иш. Бул үчүн дүйнөлүк практикада колдонуп жүргөн жогорку технология талап кылынат. Аларды талдап, биздин шартта иштей турган ыкмаларын тандашыбыз керек. Бул көп убакытты талап кылат. Ошондуктан акырындык менен бул иштерди жасай башташыбыз керек.

5. Кумтөр проекти иштей баштагандан бери, анын Кыргыз Республикасынын экономикасына кошуп жаткан ири салымына карабай канчалаган каршылыктар, нааразычылыктар менен коштолуп келет. Мындай кырдаал эл чарбасынын башка тармактарына да кедергисин тийгизип, чет элдик инвесторлорду кооптондуруп жатат. Мындай абалдын негизги себеби эмнеде? Анын башында биздин ар тепкичтердеги төбөлдөрүбүз убагында кыргыз элинин кызыкчылыгын сактабай келишимдерге кол коюшуп, энчилерибизди алдырып жибергенбиз. Азыркы күндө деле эл арасында мындай суроолор туулат:

  • 1990-жылдарга салыштырганда (300 АКШ доллар) азыркы күндө 1 унция алтындын баасы 1500 АКШ долларына жетти. Башкача атканда 5 эсеге өстү. Ал эми Кыргызстандын үлүшү эмнеге жарытымдуу көбөйгөн жок?
  • Биз Центеррага киргенден бери эмне таптык?
  • Азыркы Центерра жана Кумтөр компанияларынын жетекчилери рационалдуу, сарамжалдуу иштеп жатабы? Ушул компаниялардагы биздин өкүлдөрүбүз Кыргызстанга пайда келтиргендей иш алып барып жатышабы, болбосо алган чоң эмгек акыларына ыраазы болуп эле жүрүшөбү? Алардын буга жетиштүү укуктары барбы же жокпу?
  • Кандай жол менен “Центерра” өзүнүн активине келечеги жок кендерди (маселен: “Боро” ж. б.) кенин коюп өз акцияларын көбөйтүп алып биздин акцияларды азайтып таштады?
  • Кыргыз тараптан кайсы адамдардын акциялары бар. Алар кайсы эмгектери үчүн алган?

Мына ошондой ахвалдан, өз ара ишенбөөчүлүктөн чыгыш үчүн, нааразычылык, талаш-тартышты токтотуш үчүн мен биздин жетекчилерге мындай сунуш кылар элем:

Жогорудагы суроолорду аныктап, тактап ага 2013-жылы мамлекеттик комиссиянын Кумтөр акционердик компаниясын текшергендеги жыйынтыктарын кошуп, Центерранын директор кеңешине, акционерлердин жалпы чогулушуна КР кызыкчылыгы толук сакталбай жаткандыгы жөнүндө маселе коюш керек. Менин оюмча ири акционер катары кыргыз тараптын буга толук укугу бар.

Эгерде мындан натыйжа чыкпаса, кыргыз тараптын кызыкчылыгы, үлүшү жогорутулбаса анда эл аралык органдарга, сотко кайрылышыбыз керек. Мындай иш жүргүзүлбөсө элибиздин өкүнүчү, ызаасы эч качан тарабайт. Албетте ошол коррупциялык, алдамчылык схемасын түзгөндөрдүн арасында болуп, кол коюшуп байлыкка ээ болгон адамдар бар. Эгерде ошолордун бир-экиси ачыкка чыгып, ал коррупциялык схемалардын кандай түзүлгөнүн ачыктап берсе абдан жакшы болор эле. Алардын ичинде кыргыз элим деген, мындай кылган иштер үчүн тиги дүйнөдө да Кудай астында жооп берерин сезген адам чыгып калаар. Анткени дүйнөлүк практикада эл аралык соттор коррупция качан, кайсы өлкөдө болсо дагы аларды жоопкерчиликке сөзсүз тарат.

Бул иш абдан сабырдуулук, ызы-учуусу жок жүргүзүлүп, ал эми Кумтөр акыркы келишимдин чегинде иштей бериши керек.

Эми ушул элдин көйгөйлүү маселеси боюнча жалпы тоо-кен тармагында деле ырааттуу иштер жүрбөй жатат. Ал жерде деле башаламандыктар, жергиликтүү эл менен инвесторлордун ортосунда айрым карама-каршылыктар, тирешүүлөр болуп жатат. Мындай абалды жөнгө салуу үчүн өлкөбүздүн президенти С. Ш. Жээнбеков жыл башында атайын коопсуздук кеңешинде карап, толгон-токой кемчиликтердин бетин ачып, аларды жоюу үчүн айрым чечимдерди кабыл алдырды эле. Тилекке каршы ал кабыл алынган чечимдер эмнегедир убагында аткарылбай, создуктурулуп жатат.

Бул айтылган кемчиликтерди жоюп, тармактагы башаламандыкты, коррупцияны ооздуктоо үчүн төмөндөгүлөрдү сунуштайт элем.

1. Тез арада “Жер казынасы” мыйзамын карап, андагы коррупцияга жол берген беренелерди алып ташташ керек. Башкалары болбосо да, биринчи кезекте, жер казынасын иштетүүгө, чалгындоого жана изилдөөгө алган лицензияларын 2-3- колдорго берип сатууга жол бербеш керек. Андагы инвестор менен өкмөттөн ыйгарым укук алган органы менен келишим түзүүнүн кажети жок деген беренени да алып ташташ керек. Ойлонуп көргүлөчү, бизге келген инвесторлордун баары эле ак ниеттүү адамдар эмес. Алардын арасында өзүнүн кызыкчылыгын гана ойлогон, кээде аферисттер болуп калат. Эгерде эртеңки күнү алар менен соттук теришүүлөр болуп калса эмненин негизинде жоопкерчиликти аныктоого болот?

2. Жер казынасынын казуу укугун талапкерлерге берүү жөнүндөгү жобону өзгөртүш керек. Бул маселе өкмөттүн чечими менен чечилет. Жар казынасын инвесторго иштетүү, чалгындоо болбосо изилдөө үчүн берүү эки этапта өтүш керек.

Биринчи этапта — жер казынасын инвесторго берүү укугу аныкталат. Ага азыркы күндөгү жободогу критериялар эле жарайт. Бирок бул этапта Кыргыз тараптын, кен казууда ала турган үлүшү жөнүндө сөз болбойт, ал экинчи этапта аныкталат.

Экинчи этапта — жер казынасын иштетүү үчүн укук алган инвестор белгиленген убакта (кендин көлөмүнө жараша) өзүнүн кен казуу үчүн даярдаган долбоорун жасап, ал экономикалык, экологиялык, техникалык экспертизадан өткөрүлөт. Долбоор жергиликтүү жамааттарга тааныштырылып, социалдык пакеттер аныкталат, кен казууда жеринен, жайытынан ажыраган, зыян тарткан жергиликтүү калк болсо, аларга компенсация берүү жактары такталат. Инвестордун долбоорунун экономикалык эсептөөсү боюнча кендин жалпы көлөмү, аны казып алуу үчүн канча каражат кеткени, канча таза пайда түшөрү аныкталат. Мына ошондон кийин гана инвестор менен Кыргыз өкмөтү же өкмөт ыйгарым укук берген орган ортосунда башкы (генеральный) келишим түзүп, Кыргыз Республикасынын үлүшү аныкталат. Бул үлүш 50% кем болбош керек. Келишим абдан кылдаттык менен түзүлүп, баардык фарс-мажордук учурларды камтып, инвестор менен Кыргыз Өкмөтү тарабынын милдеттери жана укуктары ийне-жибине чейин жазылыш керек. Бул жерде эки принципти эске алыш зарыл.

Эгер инвестор менен биргелешкен ишкана түзүлсө, анда кыргыз тараптын экономика-финансы, кадр саясатына кийлигишкенге, көзөмөлдөөгө толук катышканга механизми болуш керек.

Эгерде инвестор өзүнүн ишканасын ачса, анда кыргыз тарап чыккан товарды бөлүштүрүүгө барганы туура болот. Мындай болгондо кыргыз тарап, инвестор долбордун так аткарылышын, налогдорду, договордо көрсөтүлгөн башка төлөмдөрдүн убагында төлөнүшүн гана көзөмөлдөп,. инвестордун башка иштерине киришпейт.

Эми бизде аукцион аркылуу конкурска жер казнасын иштетүүгө, инвесторлорду издөө ыкмасы дагы колдонулуп жүрөт. Бул ыкма деле болот.

Бирок, аукционго коюудан мурун биз ал кендин геоэкономикалык баасын (геоэкономическая оценка), жок дегенде анын болжолдуу баасын билишибиз зарыл. Болбосо экономикалык чоң жоготууларга барып калышыбыз мүмкүн. Мисалга “Жер үй” алтын кенин айтууга болот. Ал жерде 5 млрд АКШ долларына татык алтын жана башка баалуу металлдар бар. Эгерде аны казып алууга анын 55–60% жумшалса да, кеминде 1,5–2 млрд доллар таза пайда болот эле. Аны биз бар болгону 100 млн АКШ долларына сатып жибердик. Конкурстун шарты боюнча ал жерде Кыргызстандын үлүшү жок.

Эгерде эртелеп ал инвестор менен сүйлөшүп, бул ахвалды кандайдыр деңгелде оңдошпосо, кен казуу иштери башталганда, Кумтөрдөн да чоң чыр- чатактар башталышы мүмкүн. Мындай экономикабызга чоң зыян келтирген ишке элибиз чыдап тура албайт.

Мына ушундай оркойгон калпыстыктар тоо-кен өнөр жайында абдан көп. Маселен “Иштамберди”, “Бозумчак”, “Жамгыр” ж. б. кен казуу проекттеринде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгы сакталбай, такыр үлүшү аныкталбай калган.

Биз, Кыргызстандын геологдорунун жана тоо-кенчилеринин Ассоциациясынын адистери, бул тармактагы орун алган башаламандыкты, гүлдөп жаткан коррупцияны жоюу үчүн, кабыл алынган “Жер казынасы” жөнүндөгү законду оңдоо жөнүндө, кендерди казуу үчүн инвесторго берүү жөнүндөгү жоболорду жакшыртуу боюнча канча жолу жогорку башкаруу органдарга, закон чыгарчу Жогорку Кеңешке бир канча жылдардан бери кайрылсак да майнап чыкпай келе жатат.

Мына ошого карата айласыздан ойлоп кетесиң:

“Бул тармакта башаламандык, коррупцияга жол берген толгон-токой жылчыктар, тартипсиздиктер бекеринен эмес го. Бул жерде ушундай кырдаал болушуна айрым чиновниктер, төбөлдөр кызыкдар болсо керек” — деп.

Эл макалы бар го “Балчыктуу көлдө балык кармоо оңой” — деген.

Картайбек Мукамбетов, Легендарлуу Парламенттин депутаты, Тоо инженер, КР өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер, КР геологдор жана тоо-кенчилер Ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: