Menu

Айдоочулардын капчыгын катуу ойлогон мэр алардын өтө төмөнкү деңгээли тууралуу ооз ачпады

Бөлүшүү:

Биздин бийликтин дайыма жаңы жылда элге тигил же бул коммуналдык кызмат акысын же азык-түлүктү кымбаттатып “белек” тартуулаган адаты бар. Быйыл ошондой “жагымдуу кабарды” Бишкектин мэри  күзүндө, шайлоонун алдында эле “сүйүнчүлөдү”. Анткени шаар бийлиги январдан тартып коомдук транспорт акысын 12 сомго чейин көтөрүүгө ниеттенип жатыптыр. Бул тууралуу ал 27-сентябрда Бишкек шаарынын 2017-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча программаны талкуулаган жыйында билдирди. Анын пикиринде, Бишкектеги жол акыларды кымбаттатпаса, каттамдар өзүн актабай жатыптыр. “Айдоочулар бензинин жана башка чыгымдарын жаап иштеши үчүн, коомдук транспорттордо жол акыны 12 сомго чейин көтөрүү керек. Антпесе алардын жумушу өзүн-өзү актабай жатат. Бирок биз жол акыны көтөрүү менен беш категориядагы жарандардын тобуна жеңилдик берип, бекер жүрө турган кылабыз”,- деген мэр өз пикирин шарты Кыргызстандын шартына окшош КМШнын башка мамлекеттеринде коомдук транспорттордо жол кирелер кымбат экенин, кыргыз акчасы менен эсептегенде 18-35 сомго туура келерин кошумчалады. Бирок шаар башчы ошол коомдук транспорттордун жүргүнчүлөрдү тейлөөдөгү маданиятсыздык, кечки саат 19дан кийин токтоп каларын жана айдоочулардын өтө төмөнкү деңгээли тууралуу ооз ачпады. Сыягы, билбейт окшойт. Деги жаңы жылдан кийин ансыз деле жону жукарып бүткөн шаардыктар, өзгөчө студенттер көтөрүлүп кетпес бекен…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: