Menu

Мелис Аспеков, “Мекенчил” партиясынын теңтөрагасы: “Шайлоодо Бабановду жеӊип чыгабыз деп, кыргыз менен өзбекти чабыштыра турган болуп жатышат”

Бөлүшүү:

Шайлоодогу ыплас каралоолор, адам-сапатынан алыстаган маалыматтар тууралуу оюмду айтып коюну туура көрдүм.

Урматтуу достор!

Биз, кыргыздар бүгүнкүдөй төмөн деӊгээлге түшкөн жок элек. Мынчалык каразгөйлүк менен жаманатты кылуу багытында кара пиар менен алектенген учур буга чейин болгон жок эле. Мен, саясатчы Өмүрбек Бабановго сын айтып, анын кемчиликтерин көп жолу жазып да келгем, аны жакшы билесиздер. Бабановго сын айткан 5 киши болсо, анын бирөө мен элем. Бүгүн, сын айтымыш болуп, бирок адамдык сапаттан алыстап, анын жеке абийирине чейин тийишкендер көбөйүп кетти.

Башында аны төрөп, жарык дүйнөгө алып келген энесин “күрд” деп атап, Бабановду күрд кылып салдыӊар. Мен, таластык катары айтып коеюн, Өмүрбек менин таластык байкем болот. Эч кандай улуту башка эмес. Ким анын улутуна, энесине, ата тегине, канына асылса – ал менин да ар намысыма тийишип жаткан катары кабыл алам.

Президенттикке ат салышып аткан атаандаштары, тактап айтканда бийликтин мураскери чынында Бабановдон алсыз экенин көрсөттү. Алар Бабанов менен акыл, билим, тажрыйбасы менен атаандаша албай калды. Кайсы жакты алба, жолдо калып жатышат. Айласы кеткенде каразгөйлүк менен жаманатты кылууга өтүштү. 2 айга чукул убакыт энесине асылды. Кыргызда энеден өткөн кандай ыйыктык бар?! Энесине асылган эмне деген жорук?! Ал асылып жаткандар энеден туулганбы же эшектен туулганбы? Эне тарбиясын көргөн кыргыз мындай кылбайт эле го?

Ал жоругу өтпөй калгандан кийин эми улуттар аралык араздашууга алып бара турган маселени көтөрүп чыгышты.
Өмүрбек Бабанов Ошко барып, өзбек улутундагы жердештерибиз менен жолуккандагы видеосун чыгарышты. Мен да жалганчылар чыгарган видеону көрүп, алгач Бабановго жиним келди. Ким менен кимди чабыштырганы калды деп кыжырдандым. Бирок, видеонун толук вариантын көргөндөн кийин, ошол видеону монтаждап, кыркып, кесип анан туура эмес багытка колдонгондорду жек көрдүм. Ал видеого канчалаган адамдар ишенип, өзбек улутун жек көрүп, ага кошуп Бабановду жемелеп жатышат.

Бул бийлик Бабановду каралап, анын кадыр баркын түшүрөбүз деп жатып, улут менен улутту чабыштырганы калды. Кыйын болсоӊор акыл күчүӊөр менен атаандашкыла, деӊгээлиӊер менен теӊелгиле. Акмакчылык кылып ар кайсы ушак менен асылбагыла. Бул акмакчылык. Акмакчылык кылып аткандардан жакшы нерсе күтүш болобу?!…

Шайлоодо Бабановду жеӊип чыгабыз деп, кыргыз менен өзбекти чабыштыра турган болуп жатышат.

Айланайын калайык калк!

Биз, ушундай ушакчылардын тилине кирип эки экиден урушуп, жаман айтышпайлы. Шайлоодо атаандаштык көрсөтүү маданияты өлүптүр көрсө. Кыргыздын бир уулун күрд кыла алышпай жатып, эми аны өзбектерге жамап жатышат. Ушундай кантип бетбактык болсун, акылыбызга келели. Ушакчылар тараткан калп маалыматтарга ишенбейли калайык калк! Бизге тынчтык гана керек, тынчтык баарынан кымбат!

Мелис Аспеков, “Жаңы муун” кыймылынын мүчөсү

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: