Өгөй уулун өлтүргөн 73 жаштагы аксакал камалды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтына жарыяланды.
Алардын маалыматына таянсак, кандуу окуя Бишкек шаарында болгон. Өгөй бала менен өгөй ата чырлаша кетип, аксакал баланы бычак менен ичине сайып жиберген, баласы көп кан жоготуп койгондуктан, ошол жерден жан берген.
Сот болуп, судья аны 11 жылга эркинен ажыратып, 110 миң сом айып салган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ