Menu

“Мегакомдун” сатылышы, чырдын башы болчудай болуп турат

Бөлүшүү:

«Лигласстын» чыры басыла электе Өкмөтүбүз жаңы “сенсация” жаратып, элдеги ага нааразылыкты ого бетер күчөтүп койду. “Мегаком” компаниясынын 212 млн долларга бир россиялык ишкер айымга сатылганын уккан эл биринчи таң калып, анан кадимкидей кыжырланып кирди.

Ойлоп көрсөңүз, Кыргызстанга азыр тийиштүү эң ири компания, “Кумтөрдөн” кийин эле бюджетке эң чоң киреше алып келген ишкана. Ошону  Елена Нагорная деген жеке ишкерге өткөзүп коё турган Өкмөттүн жоругу азыр элдин арасында чыккынчылык катары эле бааланууда. Баягы эле “Лигласс” боюнча Өкмөттүн абийирин кетирген Эдил Байсалов заматта Е.Нагорнаяны “Мегакомду” сатып алчудай “колунда акчасы жок” деп айтты. Анын изилдөөсү боюнча Е.Нагорнаянын эң эле чоң ишканасы “Контраст-Ти” бир жылда 63 миң долларлык соода жасап, анда дагы 3 миң доллар зыян тартыптыр. “Бул аял менен салыштырмалуу, Дордой же Кара-Суу базарларыбызда жылына эмес, жумасына 60 миң долларлык товар саткан жүздөгөн эжелерибиз бар, ошолорго эле берип койбойбузбу “Мегакомду” деген мааниде “Жалбырак” телевидениесине интервью берди Э.Байсалов. Өкмөттүн бул аферасын бу кезек өзүнө мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы Болсунбек Казаков алды. “Лигласстыкындай” бул жерде дагы депутаттардан турган комиссия түзүлгөнү, алардын макулдугу менен Е.Нагорная тандалганы айтылууда.  Жылына 100 миллион киреше тапкан компания эмне үчүн 200 миллионго сатылышы керек экен деп ачуулангандар азыр Өкмөт башчынын аброюна дагы бир сокку болду. Бирок, Өкмөт башчы Москвага учуп, ал жакта аны кызыл килем, караул жана гимн менен тосуп алышарын элдин баардыгына мактанып жарыялаганы кызык болду. Чын эле, 1991-жылдан баштап бир дагы премьер-министрибизди расмий протокол менен кабыл албаптыр Москва. Бирок, кээ бир маалыматтар президент өзү суранып, “башкасын сүйбөсөңөр дагы ушул баланы ардактап койгула, гезиттериңер Американын агенти катары шыбап атышат” деп, расмий протокол менен тозгонго макулдугун бергенин айтышты. Бирок Россиянын позициясы азыр ачыктан-ачык эч кандай бир шартта шайлоого кийлигишпейбиз деп турушат.  “Ажоого эштеке болбойт, биз катуу чыгып, эмки бийликке жаман көрүнүп албайбы деген кеп да жогор жакта олтургандардын арасында чуркоодо. ГЭСтин чуусу бүтпөй жатып, шашылыш түрдө “алтын жумуртка” тууп жаткан “Мегакомду” Африкадан чай ташыган ишкерге сатып жатканы КСДП депутаттарынын да тынчын алууда. Шашылыш сатылып жатканында мандем бар сыяктанып турат. Эгер бул сатуу да чыр менен коштоло турган болсо, ал чыр көп нерсенин башы болгону турат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: