Menu

Алексей Навальный 20 суткага камалды

Бөлүшүү:

Алексей Навальный менен анын шайлоо штабынын башчысы Леонид Волков 20 суткадан камакка алынышты. Административдик иш боюнча Навальныйга карата чечимди Москванын Симонов соту, Волков боюнча Савелов соту чыгарды.

Оппозициячылар «макулдашылбаган иш-чараларга катышууга бир канча жолу чакырык жасоого» күнөөлүү деп табылышты. Алар 29-сентябрда Нижний Новгороддогу митингдин алдында кармалган. Бирок ошол эле күнү кое берилип, 2-октябрда сотко келүүлөрү керектиги эскертилген.

Навальный өзүнө карата чыгарылган өкүмдү “[Орусиянын президенти Владимир] Путиндин мааракесине белек” деп атап, тарапташтарын 7-октябрда Санкт-Петербургда митингге чыгууга чакырды. Волков болсо нааразылыгын билдирип ачкачылык жарыялады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: