Улан Асанов Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик атайын адистештирилген күзөт башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Асанов Улан Касенович-милициянын полковниги. 1974-жылы 13-мартта туулган. 2003-жылы милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясын аяктаган.
1992-жылдан 1993-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн. 1994-жылдан баштап ички иштер органында Бишкек шаарынын Биринчи май районунун милиция батальонунда милиция катары иштей баштаган. Ал эми ИИМдин МАККББнын башчысынын орун басары, ИИМдин МАККББнын милициянын түзүмдүк полкунун командири, Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы катары жетекчилик орундарда иштеген. Кызмат учурунда түзүмдүк төш белгилер менен сыйланган.
Буга чейин аталган кызматты УКМКтарабынан камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин бир тууган агасы Талантбек Исаев жетектеп келген. Ал кечээ, 2-ноябрда кызматтан кеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ