Menu

Бийлик “Комиссар Каттанинин” тилин тапты

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков 4-февралда милициянын генерал-майору Өмүрбек Суваналиевди Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кылып дайындады.

Ал 2010-жылдан бери кызматы жок жүргөн жана экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликте турганда башкы оппозициячыл саясатчылардын бири болгон. Коомчулукта «Комиссар Каттани» деген лакап ат менен белгилүү Суваналиевдин таасирлүү кызматка дайындалышы түрдүү түкшүмөл сөздөрдү да жаратты.

57 жаштагы Өмүрбек Суваналиевдин эмгек жолу өтө эле узун жана эң кызыгы – көп жерде иштегени менен дээрлик бардык кызматтарында бир жылдан ашык кармалган эмес.

Ал 1981-жылы Казакстандын Караганда шаарындагы милициянын жогорку мектебин аяктаган жана он жылдан ашык убакыт ичинде негизинен Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарында, Бишкек шаарында катардагы ыкчам иликтөө кызматкеринен тартып шаардык, райондук милициянын башчысы, ИИМде бөлүм жетекчиси өңдүү кызматтарга чейин көтөрүлгөн.

1993-жылы ички иштер органдарынан өз каалоосу менен кеткен жана 1995-жылга чейин «Улуттук ар-намыс жана кыргыз мамлекетин өнүктүрүү» деген ассоциациянын вице-президенти болуп, Мамлекеттик салык полициясында департаментти, башкармалыкты жетектеген.

Өмүрбек Суваналиев 1995-1997-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

1997-1998-жылдары Улуттук коопсуздук министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгын башкарган. 1999-2002-жылдары «Ар-Намыс» партиясында фондду жетектеген. 2003-жылы Акыйкатчынын аппаратында саясатчылардын жана соттолгондордун укуктары боюнча департаментти кыска убакыт башкарган.

Өмүрбек Суваналиев ички иштер органдарына кайра 2003-жылы кайткан жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалып, эки жылдай иштеген. 2005-2007-жылдары Бишкек милициясын кыска убакыт башкарган, ички иштер министринин орун басары, ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп турган.

2007-2008-жылдары президенттин администрациясында коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмдү жетектеген.

2008-2009-жылдары Нарын облусунун губернатору болгон. Ал кызматында ириде криминалдык жыйын өткөргөнү келген уюшма кылмыш топторунун лөктөрүн кууп чыкканы, талаш-тартыштуу Жетим-Тоо темир кенин чалгындоону токтоткону менен коомчулуктун эсинде калган.

Өмүрбек Суваналиев 2010-жылы июнь коогасынын убагында Ош милициясын кыска убакыт башкарган жана ошол жылы ал кезде Убактылуу өкмөттү жетекчилеринин бири болгон Алмазбек Атамбаев менен пикир келишпестиги ачыкка чыгып, оппозицияга кеткен.

Өмүрбек Суваналиевдин президент болгусу келген да дымагы бар экени белгилүү. Ал 2011-жылы президенттикке ат салышкан жана «таза адам, адилет бийлик» деген ураан көтөрүп чыккан.

2013-жылы Суваналиев «Каршылык көрсөтүү» деген кыймыл түзүп, анын башкы талабы ошол кездеги өкмөттү кызматынан кетирип, элдик ишенимдеги өкмөт түзүү болорун айткан. Аталган кыймылдын өкүлү Бегалы Наргозуев Суваналиев Атамбаевдин бийлигиндеги кемчиликтерди биринчилерден болуп айтып чыкканын эстеди:

Бегалы Наргозуев.
Бегалы Наргозуев.

– Биз «Каршылык көрсөтүү» кыймылында Алмазбек Атамбаевдин бийликти узурпациялоого багыт алганын биринчи болуп айтып чыкпадык беле. Ошондо бизди колдобой, Атамбаевди колдоп жүргөндөрдүн баары азыр түрмөдө отурат. Ошончо жылдан бери өз принцибинен тайбай, бир багытта жүргөнүн, кызматтык тажрыйбасын эске алып ушул кызматка дайындаганы туура эле болду деп ойлойм. Ал өз позициясын дайыма эле ачык айтат. Мурунку бийликтегилердин тушунда иштегенде деле өз позициясын ачык айтып жүргөн. Ошол мүнөзү ошол бойдон эле калат деп ойлойм. Коомчулукка, бийликке деле ал мүнөзү жардам берет деп ойлойм. Бирөө-жарым ачык айтып турганы деле жакшы да. «Баары жакшы, баары мыкты» деп Атамбаевди алты жыл мактап отуруп мына, аны баткакка алып барып тыгышты. Азыр да ошондой болушу мүмкүн.

Суваналиев оппозицияда жүргөндө Камчыбек ТашиевАдахан Мадумаров өңдүү саясатчыларга ыктап, ымала түзүп жүргөнү белгилүү жана 2017-жылы президенттик шайлоонун алдында алар кеңири саясий альянс түзүүгө да аракет кылышкан.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун пикиринде, Суваналиевдин таасирлүү кызматка дайындалышынын эки жагы бар.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

– Биринчи тарабы – азыр «ураа-ураа, биз бийликке келдик» деген эйфория бүттү, – дейт саясатчы. – «Биз алып келдик» дегендердин колунан эч нерсе келбей турганына көздөрү жете баштады. Мунун ачык мисалы – азыркы өкмөттүн иши менен парламенттин абалы, ал жактагы жагдай. Бүгүн поэзия, романтика бүтүп, кара сөз менен жазылган трагикомедия башталды. Азыр өз жумушун билген кесипкөй инсандар керек болуп жатат. Суваналиевдин кесипкөйлүгүн эске алып кызматка дайындашты. Экинчи жагы, жагабы-жакпайбы, бул жерде баары бир саясат ойнойт. Болгондо да катуу саясат ойнойт. Суваналиев менен бийликтен кеткен адамдын мамилесинин аябай суздугу азыркы бийликтин чырагына май тамызып турушу мүмкүн. Суваналиев адам катары да, кесипкөй адис катары да кыргыздын мыкты азаматтарынын бири.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов Суваналиев кесипкөй адис деген пикирге кошулат.

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

– Суваналиев – такшалган кадр, – деди ал. –Коопсуздук маселелерин түшүнөт, ушул тармакта көп жүргөн. Кылмыштуулук менен күрөшүп, коомдук коопсуздукту сактап жүрдү. Ал коомдук-саясий маселелерге аралашып жүрөт. Кесипкөй милиция, генерал катары иштесе керек. Убагында бул тармакты түшүнбөгөн, бир күн да иштеп көрбөгөн, кесипкөй эмес, билими жок адамдар деле барып жүргөн да. Аларга караганда Суваналиев ишин мыкты билген кесипкөй адам. Бирок Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары катары кандай иштерин билбейм. Азыркы катчы мурда милицияда иштеген, ал Суваналиевдин кол алдында иштеп калган жаш жигит болсо керек эле. Жаштардын көбүн окутуп кое тургандай тажрыйбасы бар. Эми анын тилин таптыбы же «тажрыйбасын пайдаланалы» дештиби, же саясат болду, айтор дайындашты да. Эгер анын тажрыйбасын, билимин пайдаланып, коопсуздук жаатында олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизишсе, анда бул туура нерсе.

Коомдук ишмер, экс-депутат Алишер Мамасалиевдин баамында, Суваналиев кызматтан дагы жогорулашы мүмкүн.

Алишер Мамасалиев.
Алишер Мамасалиев.

– Генерал Өмүрбек Суваналиев ар дайым күч түзүмдөрүндө чоң кызматтарда иштеген да. Азыркы кызматын келечектүү кадам деп эсептейм, – деди мурдагы депутат. – Кийин күч түзүмдөрүн башкарышы мүмкүн. Азыркы кызматына күч түзүмдөрүндөгү азыркы акыбал кандай экенин талдап-билиш үчүн келсе керек деп ойлойм. Ошон үчүн келечекте чоң кызматка барышы мүмкүн. Биринчиден, тажрыйбасы бар. Экинчиден, коомчулукта бул адам тууралуу пикир жакшы, кызматкерлер арасында кадыр-баркы чоң.

Талдоочу Марс Сариев Өмүрбек Суваналиевдин дайындалышында аймактык фактор да негизги роль ойноду деген жоромолду жокко чыгарган жок:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

– Таластык саясатчылардын «бийликте эч ким жок» дегендей мазмундагы нааразылыгын уксаңыз керек. Жазында митинг, нааразылык акциялары Таластан башталып кетиши мүмкүн. Ошондуктан «түштүктөн чыккан кадрлар каптап кетти» дегендей сөздөр чыкпасын деп Сооронбай Жээнбеков ушундай саясий фигураларды кызматка коюп жатат. Бирок Суваналиев кесипкөй адис. Кадр саясаты жазында каршылык маанай жаратууга өбөлгө түзө турган жагдайлардын бири болуп калбасын деп, алдын алуу болуп жатышы да мүмкүн.

Коопсуздук кеңеши – президенттин коопсуздукка байланыштуу чечимдерин даярдаган, кеңеш берген конституциялык орган. Азыркы катчы Дамир Сагынбаев былтыр жазында дайындалган.

Ушул тушта социалдык тармактарда «бир орунда көпкө кармалбаган Өмүрбек Суваналиев азыркы кызматында аз иштейби, же көпкө кармалабы» деп мелдешкендер да чыкты.

Эленора Бейшенбек кызы

Булак: “Азаттык”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: