Ушул жылдын 1-октябрь күнү Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарында жайгашкан базарлардын биринин кардары арыз менен кайрылган. Себеби, ушул эле күнү болжол менен саат 17:30 чамасында белгисиз аял киши жабырлануучунун 7400 сом акчасын уурдап, изин жашырып качууга аракет кылган маалда, жарандар тарабынан кармалган жана милиция кызматына өткөрүлүп берилген. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Тергөө учурунда кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, ал Бишкек шаарынын 32 жаштагы С.Н. аттуу жашоочусу болуп чыккан.
Кармалган жаранга карата Ленин РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүүгө карата сот тарабынан сыртка чыкпоо тууралуу баш коргоо чарасы каралган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ