Menu

Өмүрбек Суваналиев: “Бүгүнкү күндө жалгыз эле легитимдүү орган бул – Коопсуздук кеңеши”

Бөлүшүү:

Учурда Кыргызстандагы бирден-бир мыйзамдуу орган – Коопсуздук Кеңеши, ал өлкөдөгү тартипти орнотуу үчүн бардык укук коргоо органдарын өз координациясына алды. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев Бишкекте өткөн жарандык форумда билдирди.

Ал учурда кырдаал оор болуп жатканын билдирди.

“Биринчиден, бардык саясий күчтөр бири-бири менен сүйлөшө албай, бирине бири карама-каршы болуп жатышат. Экинчиден, ар бир партиянын кишилери болуп митинг өткөрүп жатышат. Бүгүнкү күндө мурунку бийлик “биз кеткен жокпуз” деп расмий айтып жатышат. Боронов эч кайда кеткен жокпуз, аралыктан иштеп жатабыз деп жатат. Президент өзүнүн мыйзамдуулугун айтып жатат. Кызматтан кеткен көптөгөн кызматкерлер “ордубузда иштеп жатабыз” деп жатышат. Бүгүнкү күндө жалгыз эле легитимдүү орган – Коопсуздук кеңеши болуп жатат. Биз күч структураларынын бардыгын координациялап, иштеп жатабыз” – деп билдирди Суваналиев.

Суваналиев учурда бир дагы партияны колдобой тургандыгын кошумчалады. Анын айтымында, ал башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат жана өлкөдө башаламандыкка жол бербейт.

Эсиңиздерге сала кетсек, 5-октябрда Бишкекте Ала-Тоо аянтына парламентке кирбей калган партиялардын миңдеген тарапкерлери чогулушкан. Алар шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышты. Ал күнү кечинде митингди таркатуу аракети көрүлгөндө, митингчилер коопсуздук күчтөрү менен кагылышты. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдүн имаратын басып алышты.

Андан кийин алар УКМКнын имаратына барып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди камактан бошотушкан. Ошондой эле, Садыр Жапаров, Сапар Исаковдор ж.б. да бошотулган. 6-октябрь эрте менен демонстранттар өкмөт үйүн басып алышканы белгилүү болду. Митингчилер ошондой эле Кыргызстандын экс-премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевди да колониядан бошотушту.

КР Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов өзүн Бишкек шаарынын коменданты жана ИИМдин башчысынын милдетин аткаруучу деп атады. Мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болгону айтылып, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бирок, кийинчерээк генпрокурордун милдетин аткаруучу болуп Сыймык Жапыкеев тандалган. Кийин БШК шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Бийлик алмашуу республика боюнча жүрүп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү акыркы окуяларды “бийликти басып алуу аракети” деп мүнөздөп, ал мыйзамдуу президент бойдон кала берерин айткан. Ошол эле учурда, Бишкекте ар кандай саясий күчтөрдүн ортосунда бийлик үчүн күрөш жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: