Menu

Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер: “Мага Гүлжамал Султаналиева арыз жазып, ошонун негизинде кылмыш иши козголгон…”

Бөлүшүү:

-Агай, жакында эле эки инстанциядагы сот сизди толук актап чыкканын ЖМКлардан окудук. Ал иш кандайча козголду эле?

– Мага карата козголгон кылмыш ишинин тарыхы абдан эле кызыктуу. Укук коргоо органдарынын тарыхында бул уникалдуу феномен деп айтсам болот. Мен 5-чакырылыштын депутаты катары билим берүү, илим, маданият, спорт, дин комитетинин башчысы болуп төрт жыл иштедим. Ошол учурда, 2010-жылы революция, андан кийин Ош окуялары болуп, адамдар «эртеңки күн кандай болот?» деп бүшүркөп турган мезгил болчу. Биздин депутаттык ишмердигибиз дагы абдан экстремалдык абалда башталган да. Канча арыздар түшүп атты. Ошол учурда Жогорку Кеңештин жабыр тарткандардын социалдык абалдарын жеңилдетүү, жардам берүү боюнча эң туура бир саясаяты бар болчу. Отун-суусун алып бергенден баштап, квартира, социалдык абалын оңдоо, маселеси турган. Биздин комитет дагы ата-энелердин балдарын окутуу көйгөйүн чечүүгө көмөктөшүү, жергиликтүү чиновниктердин бюрократиялык иштерине катуу бөгөт коюу саясаты комитеттин башчысы катары менин мойнума илинген болчу. Биз изилдеп көрсөк, жабыр тарткандардын балдарынын көпчүлүгү окуу жайларга өтө албай, ачыгын эле айталы, ЖОЖдордун жетекчилигин «ыраазы» кыла албай, ата-энелердин арыз каттары боо-болуп келип аткан. Комитеттин башчысы катары мен бир топ каттарды топтоп, анан университеттерге «мүмкүнчүлүгүн карап, мыйзамдын негизинде адилеттүү чечүүңүздөрдү суранабыз» деген мааниде кат жазганбыз. Мындай каттарды биз баардык эле органдарга, министрликтер менен ведомстволорго, ал тургай башкы прокуратурага да жазып жүрөбүз. Ошонун бир эпизоду менин тагдырымды беш жылдан бери чиелендирип келатат. Кыргыз-орус славян университетинин медициналык факультетинин контракт формасына 27 баланы сунуштап кат жазган экенмин. Ата-энелердин жазган арыздарын, социалдык аянычтуу абалдарын тастыктаган справкаларын Жогорку Кеңештин канцеляриясына каттатып, ошол кездеги министр Канат Садыковго бергенбиз. Көрсө, кийин министр өзү буйрук чыгарып, славян университетине жибериптир. Университет аны 13 кишиден турган кабыл алуу комиссиясында карап, үстүнө дагы беш-алты абитуриентти кошуп (башка жактан арыз менен келген керек), алар контрактгык формага кабыл алынат. Окуп калышат. Бул 2013-жылы сентябрда болгон окуя. 2014-жылы капысынан эле антикоррупциялык кызмат «27 бала мыйзамсыз кабыл алынган» деп атайын токтом чыгарып, ректор Нифадьевди жарга такаганда, ал өзүнүн буйругу менен 1-курсту бүткөн балдарды университеттен чыгарып койгон. Балдардын академиялык карызы да жок, баары жакшы үлгүрүп окуган студенттер. Контракттык карыздары да жок. Ошондо ата-энелер дагы арызданышып, ректорду сотко беришти. Байкуш ата-энелер, балдар райондук, шаардык соттон утулушту. Бирок, чындык бар экен. Биз дагы үнүбүздү кошуп, Жогорку сот өзүнүн адилеттүү   чечимин чыгарып, балдарды кайра окуусуна калыбына келтирди. Анан менин атыман түшө башташты. Мен мүнөзүм боюнча жаным тынч албаган кишимин. Өлкөдөгү саясый окуялар болобу, же социалдык абал болобу, өз оюмду айтып көнүп калгам.

Ал кезде мугалимдердин социалдык абалы абдан оорлоп, мен эки-үч жолу трибунадан чыгып, билим берүү министрин абдан катуу сындап аткам. Ошондо коллегам Турсунбай Бакир улуу «Усубалиев бир кызыл папка менен Кумтөр боюнча кыйкырып чыкты эле, жыйырма жыл убакыт өткөндөн кийин сиз көк папкени көтөрүп чыгып атасыз. Мунун аркасы аябай чуу болот, даяр болуңуз» деп айтканы бар. Иши кылып, 2014-жылы 28-ноябрда мага иш козгошуптур. Баарынан кызыгы, мени бир да жолу тергөөгө чакырышкан жок. Бир жолу чакырышкан экен, мен парламенттер аралык ассамблеянын мүчөсү элем, Санкт-Петербургга кетип калып, иштин баарын башкы прокуратурага өткөрүп коюшуптур. Болгондо дагы «кызматынан кыянат пайдаланды, пара алууга мажбурлады» деген эки «расстрельная статья» менен. Мени баарынан күйгүзгөнү – өкмөттүк ЖМКлар, айрыкча КТРК «Каныбек Осмоналиев 14 миң доллар пара алыптыр» деп кудум мен алып атканымды көрүп тургандай он күн катары менен эфирден берип турбадыбы! Болбосо иш сотко аша элек, тергөө да бүтө элек. Ошо кезде Фарид Ниязов башкарган түшүнүксүз бир гипотетикалык билим берүү реформасы боюнча топ түзүлгөн. Ал топ өзүнчө эле хан, өзүнчө эле бий болуп, министр Канат Садыков аларга отчет берип турчу. Айтор, мага каршы уюштурулган куугунтукту ушулардан көрөм. Бирок, чындык бар экен, 2015-жылы 8-октябрда башкы прокуратура эч кандай далил жоктугуна байланыштуу ишти жапты. Ошондо гана билип атпаймынбы, жалгыз эле мага эмес, 15 кишиге иш козголгон экен. Мага, министр Канат Садыковго жана ректор Нифадьев баш болгон кабыл алуу комиссиясынын 13 мүчөсүнө.

-14 миң доллар деген сумма кайдан чыккан? Иш кимдин арызынын негизинде козголуп атат?

– Арыз жазган төртүнчү чакырылыштын депутаты Гүлжамал Султаналиева болуптур. Мен депутат кезде комитеттерге келип, билим берүү тармагы боюнча өзүнүн эл аралык долбоорлорун өткөрүп жүрчү. Аны кандай максатта пайдаланышты, билбейм. Пайдаланганы көрүнүп эле турбайбы. АКСке берген көрсөтмөсүндө «акчаны Осмоналиевдин кабинетине апкелип бергем, ящигине салып алган» десе, башкы прокуратурага берген көрсөтмөсүндө «шопурун жиберген, ал 14 миң долларды алып кеткен» дейт. Же шопурдун атын билбейт, же машинанын номурун билбейт…

– Кызык, анда үч жыл өткөндөн кийин ал иш эмнеге кайра жаңыланып козголду?

– Биздин партия 6-чакырылышка өткөн жок. Мен өзүмдүн мурунку сүйүктүү ишиме кайтып келдим, КУУнун физика жана электроника факультетинин катардагы профессору болуп иштеп жүрөм. Бирок, 2018-жылы АКС жанагы 15 кишиден жалгыз мени бөлүп алып, ошол эле тергөөчү 18-март күнү, эки айлык мөөнөткө эки күн калганда (иш кайра козголгондо сотко чейин 2 ай берилет да) чакырып алып, тааныштырды. Таанышып көрсөм, төрт жыл мурдагы ишке бир сүйлөм да кошулбаптыр. «Калган 14 киши кана?» деп сурасам, «биздин аларга дооматыбыз жок» дейт. Бирок, мен ЖМКларга «ушундай болуп жатат» деп бир да даттанган жокмун. Себеби, өзүмдүн күнөөсүз экенимди билчүмүн, анан калса, жаңы президент келип, кырдаал, атмосфера жакшы жагына өзгөрүп калган болчу. Менде бир гана жол – өзүмдү сот аркылуу актап алуу жолу бар эле. Мына, бешенем бар экен, быйыл 6-апрелде соттун биринчи отуруму болду. Баардык күбөлөр суралып, 15-октябрда Биринчи Май райондук соту мени эки берене боюнча тең толук актады. Шаардык сот да биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды. Эми Жогорку сотту күтүп атабыз.

Маектешкен: Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: