Menu

Дайынсыз болуп жаткан Талас облусунун чабандары табылды

Бөлүшүү:

Бакай-Ата районунун Акназар айыл аймагынын чабандары (8 адам) 2017-жылдын 30-сентябры күнү Күмүш-Так ашуусунда кар көп жааганына байланыштуу 3 короо койу жана 3 үйүр жылкы менен ашуудан өтө албай калышкан. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Аларды издөө-куткаруу иштерине жалпы 29 куткаруучу: КР ӨКМнин Талас облустук башкармалыгынан 9 куткаруучу, КР ӨКМнин Чаткал райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары, КР ӨКМнин Таш-Көмүр шаарындагы 2-издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу, КР ӨКМнин Кара-Буура райондук №93 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу, КР ӨКМнин Токтогул райондук №97 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылды. Андан сырткары жергиликтүү тургундардан 11 адам жардам беришти.

2017-жылдын 4-октябры күнү таңкы саат 05:40та куткаруучулар Күмүш-Так жайлоосунда калган чабандарды издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн жөнөп кетишкен. Саат 10:30 чамасында Ала-Тай тоосун ашып издөөгө жөө жана ат менен кетишкендигин билдиришкен. Андан кийин байланыш болгон эмес.

Дайынсыз болуп жаткан чабандар саат 18:30 чамасында Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына түшүп келишип, айылга жакын “Эски штаб” деп аталган жерге чатырын тигип, жайгашышкандыгы боюнча Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын чабандары маалымат беришкен.

Саат 20:30да КР ӨКМнин Чаткал райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары капитан Иляс Кубатбеков жана Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошов тамак-аш жана керектүү азыктарды алып чабандарды көздөй ат менен чыгып, саат 23:00дө жетип барышкан. Алардын абалы менен таанышып, саат 02:30 чамаларында терс окуясыз туруктуу ордуларына кайтып келишти.

Саат 23:30да КР ӨКМнин Талас областтык башкармалыгынан 5 куткаруучу жергиликтүү тургундардан 4 адам, Бакай-Ата районунан 1 адам (тууганы) жана 3 айдоочу 2 оор жүк ташуучу унаа менен Талас облусунун Кара-Буура районунан Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына чыгып кетишти. Кошумча маалымат берилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: