Кырнет айдыңында азыр КСДПдан президенттикке талапкер болуп, Атамбаевдин колдоосу менен ажолукка жулунуп жаткан Сооронбай Жээнбеков тууралу кыска видеотасма тарады. Анда Сооронбай Жээнбеков Ошто 5 жыл губернатор болуп иштеп жүрүп, элден алган баасы чагылдырылат. Ош областтык администрациянын алдына жыйылган эл Сооронбай Жээнбековду сүйлөтпөй трибунадан түртүп салышты. Оштук аксакал Жолдошев “Ошту 5 жылда жыргатпаган Сооронбай Жээнбеков эми республиканы жыргатмак беле?” деп кейиди эле. Областты 5 жыл башкарып “жарк” деп эсте кала турган бир алгылыктуу иш жасай албаган адамды Атамбаев Кыргызстанга 6 жылга президент кылам деп өзү кошо үгүт кылып чуркап жүрөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ