Menu

Борбордук шайлоо комиссиясы МКК менен биргеликте маалыматтык шайлоо системасынын колдонулушу тууралуу презентация өткөрдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2017-жылдын 6-октябрында КР Борбордук шайлоо комиссиясы КРӨгө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте маалыматтык шайлоо системасынын колдонулушу тууралуу презентация өткөрдү. Жолугушууга КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова, МККнын төрагасы Д.Догоев, Кыргыз Республикасындагы Элчиликтердин башчылары, БШКнын мүчөлөрү, жарандык коомдун жана илимий-эксперттик кеңештин өкүлдөрү, аккредитациядан өткөн эл аралык жана коомдук байкоочулар, ошондой эле ММК өкүлдөрү катышты. Бул туурасында комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Иш чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча маанилүү маселелер талкууланды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы 15-октябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоо процессинин негизги этаптары жөнүндө жыйындын катышуучуларына  кенен маалымат берди. Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн автоматтык саноо урнасынын (АСУ) технологиясын окутуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттери жөнүндө маселелер талкууланды.

КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова белгилегендей, азыркы учурда шайлоого соңку даярдыктар жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө 3 млн. 31 миң 811 шайлоо бюллетендери даярдалып, аймактарга жөнөтүлдү. Ал эми участкалык шайлоо комиссияларында техникалык жабдууларды тестирлөө жүрүүдө.

МККнын башчысы Д.Догоев өз сөзүндө шайлоочулардын биротоло тизмеси даяр болгонун айтып, 16-августтан баштап 29-сентябрга чейинки аралыкта форма 2 боюнча 316064, ал эми форма 3 боюнча 28397 арыз түшкөнүн кошумчалады.

2015-жылы иштелип чыккан маалыматтык шайлоо системасы (МШС) 2016-жылкы  референдумда жана  2017-жылы май айындагы жергиликтүү кеңештерди шайлоодо  сыноодон өткөн, эл аралык компаниянын сертификатына ээ, ушуга байланыштуу ал эч кандай күмөндүүлүк  туудурбаш керек. Жаңы шайлоо технологиясы  КР БШК менен Түштүк Кореянын кызматташуусу боюнча эл аралык агенттиги менен биргелешип иштелип чыккан.

Бүгүнкү күндө программанын бардык тейлөө коду  кыргыз тарапка берилген жана БШКнын адистери тарабынан тейленет.

МШС-маалыматтык шайлоо системасы Кыргыз Республикасында референдум жана шайлоону даярдоо жана өткөрүү  ошондой эле анын жыйынтыгы жана анын жүрүшү жөнүндө маалымат жарыялоого ылайыкташкан.

Маалыматтык шайлоо системасынын тутумуна төмөнкүлөр кирет:

-УШКларда  шайлоо бюллетендерин кабыл алуучу автоматтык саноочу урна (АСУ);

-МШС программалык камсыздоо (ПК), чогултуу функциясын аткарган, сактоо жана  шайлоо жөнүндө маалымат сунуш кылуу;

-АСУ маалыматтары корголгон байланыш каналы аркылуу БШКнын борбордук серверине берүү;

-сервер жабдуусу, маалыматтык шайлоо системасынын программалык камсыздоосу жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоочу жабдуулардын комплекси.

Жолугушуунун катышуучуларына автоматтык саноо урнасынын (АСУ) иши көрсөтүлдү.

БШКнын кызматкерлери  жолугушуунун  катышуучулары  үчүн “Сенин добушуң-сенин келечегиң” аттуу добуш  берүү   кампанияны тестирлөө өткөрүшүп, добуш берүүнүн процессин көрсөтүштү.

АСУ шайлоо бюллетендерин кабыл алып санагандан кийин, шайлоо күнү  20:00дөн соң, модем маалыматтарды добуш берүү аяктагандан кийин БШКнын  серверине жөнөтөт.

Борборшайлоокомдун серверинде АСУнун маалыматтарын  чогултуу жана сактоо  жүрөт, андан кийин маалыматтар расмий порталга жайгаштырылат http://ess.shailoo.gov.kg.

Коомдук  институттардын жана уюмдардын Кыргызстандагы шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүү процессине кызыгуу менен байкоо жүргүзүүсү- КР  БШК шайлоонун жыйынтыгын акыйкат, таза   жана ишенимдүү  чыгарууда  биометрикалык технологияны колдонуу, шайлоочуларды идентификациялоо жана добуштарды автоматтык саноо урнасын пайдалануу менен  жаңы шайлоо технологиясын ийгиликтүү турмушка ашышына байланыштуу  болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: