Menu

Убактылуу кызматты тапшырып же эмгек өргүүгө чыгып, өз талапкерине үгүт жүргүзө берсең болот…

Бөлүшүү:

Азыркы президенттик шайлоо өнөктүгү кызыган учурда бардык бийлик органдарынын катардагы кызматкерлеринен тартып, жетекчилерине чейин өз талапкери үчүн элди алдамай, коркутуу “компаниясын” жүргүзүшүүдө. Өткөндө шайлоо штабынын жетекчиси, вице-премьер-министр Д. Зилалиев Баткен облусунун активи менен болгон жолугушуудагы сөзү интернетке тарап кетип, бир топ коомчулуктун нааразычылыгын жараткан болчу. Натыйжада БШК шайлоо штабынын жетекчисин алмаштыруу керектигин гана чечип, Д. Зилалиев майлуу кызматында кала берген. Бул ирет КСДП фракциясынын лидери И. Өмуркуловдун үстүнөн “Кыргызстан шайлоочулар бирлиги” деп аталган коомдук бирикменин жетекчиси Бакыт Керимбеков арызданды. Ал Өмүркуловду административдик жоопкерчиликке тартып, талапкерге да чара көрүнү суранган. БШКнын эки жумушчу тобу арызды карап, депутаттын сүйлөгөнү мыйзам бузууга жатпайт деген чечимге келген. Боршайком мүчөсү А. Асаналиев Өмүркулов сөз сүйлөгөн учурда эки күндүк өргүүдө болгондугун билдирди. Жыйынтыгында бардык мүчөлөр арызды канааттандыруусуз калтыруу тууралуу жумушчу топтордун чечимин колдоду. Демек, убактылуу кызматты тапшырып же эмгек өргүүгө чыгып, өз талапкерине үгүт жүргүзө берсең болот турбайбы.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: