Саясатчылар алды-артын карабай убада бере берген немелер да, апенди сыяктуу. Өздөрү берген убадаларга кээде өздөрү ишенип да кетишет. Феликс Кулов деген генерал бар. Көптөн бери саясат айдыңында көрүнбөй кеткен. Ушул генерал кимде-ким менин кимди шайлаган бюллетенимди таап берсе, үйүмдү берем деп убада кылды. Анын ою боюнча бюллетендерди таап алыш мүмкүн эмес экен. Генерал Кыргызстанда баары мүмкүн экенин эстен чыгарган окшойт. Үйлүү болом деп көзү кызарып жүргөндөр Куловдун бюллетенин таап алып, убада кылган үйүн алып, куру-жалак калтырбайт деп да айтуу кыйын. Мүмкүн эмес дегендин баары мүмкүн болуп жатпайбы бизде.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ