Президент Алмазбек Атамбаев жол кырсыгынан улам каза болгон Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнатында сөз сүйлөдү.
Ал Темир Жумакадыровду “жарк эткен жылдыз” деп атап, дайыма эсинде калаарын белгилеп көзүнө жаш алды.
“Бул келечектеги өлкөнүн лидери болчу. Мен аны менен көп кеңешчүмүн. Ал вице-премьер болгондо мен ага: “Темир, сен келечекте премьер-министр, президент боло турган адамсың. Ошондуктан сен өкмөттө кандай иштеш керек экендигин көрүшүң керек” – деп айткам”, – деп эскерди Атамбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ