Menu

Садыр Жапаров эркиндикке чыгабы?

Бөлүшүү:

Эл башкаруудагы көз караштардын кагылышы менен пикир келишпестиктин айынан саясаттын курмандыгына чалынган замандаштарыбыз аз эмес. Мисал катары айтсак, Акаев учурунда Ф.Кулов, А.Бекназаров, Бакиев маалында И.Исаков, А.Жекшенкулов өңдүү жигиттер темир тор артына киргизилип, сыз түрмөнүн азабын тартып чыккан. Артка карай кылчайып, ата-салтын карай турган болсок кыргыздар эч качан эр азаматты эркинен ажыратып, азап тарттырган жазаны колдонгон эмес, ар дайым айкөлдүк менен өмүр кечирип келген. Манас бабабызды эле алсак, эң негизги душманы Коңурбайдын аты колго тийгенде жөө калган немени жыга чаппастан, тизгинин колуна карматып, чоң эрдик жасаган. Сүйүнүчтүүсү, канга сиңген айкөлдүк менен шайлоодон кийин С.Жапаров баштаган эр азаматтар эркиндикке чыгарылаары каңкуулана баштады. Акылман аталарыбыз «түрмөнү жыландын баласы да көрбөсүн» деген кепти калтырган, жерибизде ар дайым жакшылык болсун.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: