Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов бекитилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү буйругуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын курамына киргизилгендер:
– Момуналиев Нурханбек Сакенович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр, Республикалык штабдын төрагасынын орун басары;
– Айдарбеков Айбек Акматбекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, республикалык штабдын мүчөсү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ