«Республика — Ата Журт» парламенттик фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун үйүнө белгисиз адамдар киришти. Бул туурасында маалыматты президенттикке талапкердин штабынан такташты.
Алар бул окуя бүгүн түнкү саат үчтөр чамасында болгонун белгилешти.
ИИМ болсо Бишкек шаарынын территориясында мындай факт катталган жок деп ишендирүүдө. Учурда Чүй облустук ИИББда маалымат текшерилүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ