“Талибан” кыймылы бийликтен кулагандан кийин, Ооганстанда президенттик шайлоо 4-жолу 28-сентябрда болуп өттү. Ага 15 талапкер ат салышты. Негизги атаандаштык учурдагы президент Ашраф Гани менен премьер-министр Абдулла Абдулланын ортосунда болду. Экөө 2014-жылкы президенттик шайлоодо да ат салышкан. Анда АКШ баштаган эларалык коомчулуктун кийлигишүүсү менен экөөнө бийлик бөлүштүрүлүп берилген. Тагырагы, бири президент, экинчиси Бириккен улуттук өкмөттүн башчысы болгон. Ошондон бери экөөнүн тиреши токтой элек.
«Reuters» маалымат агенттигинин билдирүүсүнө таянсак, шайлоо күнү (28-сентябрда) Кабулда, Газниде жана Жалалабадда жардыруу болгон. Душмандар Кундуз шаарын миномёт менен аткылашкан, анда ондогон киши жаракат алып, беш полиция кызматкери каза болгон. Ал жерге кошумча күч органдары тартылып, аларга туруштук берип, душмандардын мизин кайтарган.
Ооганстандагы шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 2014-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу добуш берүү начар болгон, жети миллионго жакын адам добуш берген. Президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы 19-октябрда, расмий жыйынтыгы 7-ноябрда жарыяланат. Талапкеркерлердин бирөөсү да жетиштүү добуш албаса, анда шайлоонун экинчи айлампасы 23-ноябрда өткөрүлөт.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ