Menu

Кочкор-Ата шаарчасындагы жергиликтүү тургундар жаштар арасында Куран жарышын өткөрүштү

Бөлүшүү:

Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында Молдалы уулу Айдаралы ажынын жаркын элесине арналып Куран жарышы уюштурулуп, ага аймактагы ыйык Куранды жат билген карылар ат салышты. Куран жарышка Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров, райхатиб Абидинов Ашим жана Кочкор-Ата шаарынын баш имамы Маматкасым Ибрагимов калыстык кылышып, жеңүүчүлөрдү аныкташты. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган сынактын жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан 1-орун Абдулазиз уулу Абдурахим Мусага берилип, 1 кой 3000 сом менен сыйланса, 2-орун  Икрамов Умарга ыйгарылып, 1 кой 2000 сомго ээ болду. Ал эми 3-орунга Мамарасулов Сайдилланы татыктуу деп табышып, 1 кой 1000 сом менен сыйланып,  баалуу белектер жана райхатибияттын Алкыш баракчасына ээ болушту. Мындан сырткары 4-орун алгандар 1 кой менен сыйланса, 5-орун алган карыга  3000 сом белек беришти.

Саамалык алкагында облус казысы мындай иш чара алгачкы ирээт өтүп жаткандыгын айтып, мунун сообу маркумга да өтө пайдалуу экендигин билдирди.

Эскерте кетсек, Куран жарыш Абдурахман жана Мухамед Молдоалиевдер тарабынан уюштурулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: