Menu

Сапар Исаков Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышты

Бөлүшүү:

Сапар Исаков кечээ, 11-октябрда, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышты. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Кеңештин жыйыны тар чөйрөдө жана кеңири курамда өттү. Жыйындын жүрүшүндө Евразия экономикалык кеңешинин алкагында кызматташтыкка кирген мамлекеттер ортосунда  мындан аркы интеграцияны бекемдөө аны өнүктүрүү, соода-экономикалык алакаларды бекемдөө багытындагы маселелер каралды.

Мындан сырткары санариптик экономиканы өнүктүрүү жана Евразия мейкиндигинде санариптик рынокту жолго коюу, санариптик трансформация тармагынын копсуздугун бекемдөө тармагында да талкуу болду.

Иш чарага Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян жана Евразия экономикалык кеңешинин коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышты.

Жыйындын соңунда кеңештин бир катар чечимдери кабыл алынды:

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2016-жылдын 26-декабрындагы № 21 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү;

2. 2025-жылга чейинки Евразия экономикалык кеңешинин күн тартибиндеги негизги багыттары;

3. Евразия экономикалык кеңешинин жыйындарын өткөрүү тартибине айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү;

4. Евразия экономикалык кеңешинин 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы тууралуу отчету;

5.  Евразия экономикалык кеңешинин 2018-жылга карата бюджети;

6. Евразия экономикалык кеңешинин 2017-жылдын 11-апрелиндеги Бажы кодекси тууралуу келишимине кирүү үчүн мамлекеттин ичиндеги процедураларды өткөрүү жана бул келишимдин 2018-жылдын 1-январынын баштап күчүнө кирүүсүнө даярдануу;

7. 2016-жылга алардын жалпы атаандаштык эрежелерин бузууларды токтотуу үчүн көрүлгөн чек ара рынокторундагы атаандаштыктын абалына экономикалык комиссиясынын жана чаралар боюнча жылдык отчету жөнүндө;

8. Табигый монополиянын жөнгө салуунун жалпы негиздери жана эрежелери жөнүндө протоколдун 20-пунктунун 5-пунктчасына ылайык маалымат сунуштамасы боюнча (Евразия экономикалык кеңешинин 2014-жылдын 29-майындагы келишимне №20 тиркемесине);

9. Евразия экономикалык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү;

10. Мамлектетердин кызматташтыгы – мейкиндик жаатында Бажы биримдигинин мүчөлөрү жана улуттук маалымат булактарына ылайык , изилдөөлөрдүн негизинде геомаалыматтык кызмат көрсөтүү;

11. Евразия экономикалык кеңешинин сотуна кайрылган учурда чарбалык субъекттер тарабынан төлөнүүчү төлөмдүн көлөмүн бекитүү;

12. Евразия экономикалык кеңешинин сотунун төрагасын жана анын орун басарын бекитүү;

13. Евразия экономикалык кеңешинин органдарына төрагалык кылуу тууралуу;

14. Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынын качан кай жерде өткөрүүнү аныктоо.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: