Сапар Исаковдун эң көп пайдасы жетим-жакырларга эмес, мугалим же доктурга эмес, коррупцияга малынган деп сындалган прокурорлорго тийгени маалым болду. Көрсө жаңы премьер болуп дайындалар замат Исаков «подружке» Индира Жолдубаевага олчойгон 250 миллион сом бюджеттен тышкары бөлүп бериптир. Бул өкмөт башчынын прокурорлордон коркуп, аларга белек сунганыбы? Же биздин мамлекет күч органдарына квартира, бийлик, сый жетишпей аткансып, эми мыйзам бекиткен жылдык бюджеттен тышкары 60% өлчөмүндө сумманы жөн эле бере беребизби? Сапар менен Индиралардын оюнчугуна айланган шордуу мекенибиз!
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ