Menu

Видео – Каныбек Иманалиев: “Баткенде чек ара лицейин ачышыбыз керек”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-январь күнү ЖКнын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде кыргыз-тажик чек арасындагы маселе каралды.

Жыйында Каныбек Иманалиев сөз сүйлөп, Баткенге чек ара лицейин ачууну сунуштады.

“Акыркы жолугушууда 6 пунтка кол коюлуп, 6-мартка чейин аткарылат деп жазылып турат. Эгерде Тажикстан тарап бул пункттарды аткарбаса, КРнын чек ара мыйзамынын 31-беренесинин 16-бөлүмүнө ылайык чек араны убактылуу жапканга саясий эркиңер жетеби?” – деп депутат вице-премьер-министрге суроо салды.

Өз кезегинде вице-премьер-министр: “Бул маселе да каралган. Мунун жаман дагы, жакшы дагы жактары бар. Бул маселени макулдашып,  “Жети өлчөп, бир кесишибиз” керек” – деди.

Мындан сырткары, депутат чек ара чырынын 90% Баткенде болоорун айтып, ошону эске алып Баткен шаарында чек ара лицейин ачууну айтты.

“Баткен шаарындагы профилдик окуу жайдын базасында чек ара лицейин ачышыбыз керек. Болбосо, Бишкектеги аскердик училищенин филиалын Баткенге көчүрүп барыш керек, же түздөн-түз Чек ара кызматына баш ийген лицейди ачышыбыз керек” – деп айтты эл өкүлү.

“Баткенде чек ара болуу, чек араны коргоо – сыймык болушу керек” – деп кошумчалады депутат.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: