Кечээ, 12-октябрда КТРКда өткөн президенттикке талапкерлердин дебатына КСДПчы Сооронбай Жээнбеков качып келбей койгон. Эл анын дагы бир талапкер Адахан Мадумаров менен таймашын көргүсү келген эле.
Бүгүн, 13-октябрда кырнет айдыңында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бир кымбат ресторанда КСДПчы президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду сыйлап жаткан жана ага карышкыр ичик кийгизип: “Хан келатат!” деп жарыялаган видеотасма тарады. Мэрдин бул сөзү Жээнбековго майдай жагып кубанганы тасмада көрүнүп турат. Ошол жерде да “президент Атамбаев 12-октябрда Ошко келет” деп атасын күткөн жаш баладай элге айтып жатканы да чагылдырылган.
Көрсө Сооронбай Жээнбеков Мадумаров менен теледебаттан качып, Оштун ресторандарында кошоматчылары менен сый тамак ичип жүрүптүр.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ