Menu

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын кызматкерлери Садыр Жапаров директор кылып дайындаган Акин Токталиев менен иштешүүнү каалашпайт

Бөлүшүү:

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкерлери (45 кызматкердин 40ы) Акин Токталиевдин департаменттин директору болуп дайындалышына каршы жана ал менен иштешүүдөн баш тартышат. Бул тууралуу кызматкерлер журналисттерге билдиришти.

Алардын айтымында, анын тажрыйбасы жана ишмердүүлүгү комиссиянын директорунун кызмат ордуна толук дал келбейт.

“Акыркы жылдарда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкерлери мамлекеттик-конфессиялык жана конфессиялар аралык мамилелерди өркүндөтүү жаатында иш алып барышты. А Акин Токталиев бир гана диний конфессиянын өкүлү болгон, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия бардык диний конфессиялар менен өз ара аракеттенүүчү борбордук орган болуп саналат. Акин Токталиевди мыкты юрист деп эсептейбиз, бирок мамлекеттик комиссия юридикалык фирма эмес. Ведомствонун өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар” – дешет кызматкерлер.

Алар экс-директор Замирбек Эргешовдун кайтып келишин колдобой тургандарын, бир гана компетенттүү талапкерди талап кылышарын билдиришти.

Ошондой эле алар акыркы 10 жыл ичинде Акин Токталиев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, КР Президентинин Аппараты, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы боюнча сотко кайрылгандыгын белгилешти.

“Акин Токталиев негизсиз айыптоолору жана соттук териштирүүлөрү менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын  кызматкерлеринин алдында кадыр-баркын жоготкон. Көп жылдар бою ал Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишмердүүлүгүнө шек келтирүү менен алектенип келген. Мамлекеттик комиссияга каршы айыптоолорунун бири – кызматкерлер тарабынан диний экспертизалардын атайын чыгарылышы, натыйжада 1700дөн ашуун жаранды экстремисттик иш-аракеттерге айыптап, сот жообуна тартышкан. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын  ар бир кызматкери өлкөнүн Конституциясына, мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштеди жана иштейт” – деп айтышат кызматкерлер.

Комиссиянын кызматкерлери Акин Токталиевдин социалдык тармактардагы жүрүм-турумуна тынчсызданып жатышат. Алардын айтымында, ал Хизб-ут-Тахрир экстремисттик уюмунун соттолгон мүчөлөрүн түрмөдөн бошотууга жардам берүү чакырыгын колдоону улантууда.

«Акин Токталиев Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына каршы бир нече жолу сотко кайрылган. Ал кызматка дайындалгандан кийин, диний чөйрөдөгү дестабилизацияга алып келген кооптуу кастык кырдаал, муфтият менен мамлекеттик комиссиянын ортосунда күрөш чыгып кетеби деп кооптонуп жатабыз. Мындан тышкары, учурда жамаатка диний уюмдардан, укук коргоо органдарынан, эксперттик жамааттан нааразычылык жана аны дайындоо жөнүндө терс пикир менен кайрылуулар келип түшүүдө “, – деп билдиришти кызматкерлер.
Өлкө жетекчилигинен биздин жамааттын кайрылуусуна түшүнүү менен мамиле жасап, Акин Токталиевди директор кылып дайындоо боюнча чечимди кайра карап чыгууну жана тез арада директорду, директордун эки орун басарын дайындоо маселесин карап чыгууну өтүнөбүз” – дешет алар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: