Menu

Тажикстанда эки миңдей банк кызматкери жумуштан бошотулду

Бөлүшүү:

Тажикстанда «Агроинвестбанктын» эки миңге жакын кызматкери жумуш орундарынан ажырады. Чечим эл аралык Alvarez & Marsal консалтинг компаниясынын жана Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын сунуштарынын негизинде кабыл алынган.

Буга чейин эл аралык Alvarez & Marsal консалтинг компаниясы каржы каатчылыгына кабылган «Тажиксодиротбанк» менен «Агроинвестбанкка» жардам берери айтылган. Бул компания аталган банктардагы көйгөйлөрдү жоюу боюнча план иштеп чыгат. Европа реконструкция жана өнүгүү банкы техникалык колдоо көрсөтөт.

Банк толук кандуу иштебей жаткан маалда кызматкерлердин ири армиясын кармоого негиз жок деген чечим чыккан.

Тажикстанда банк каатчылыгы 2015-жылы башталган. Анда дароо төрт банк – «Точиксодиротбанк», «Агроинвестбанк», “Тожпромбанк” жана “Фононбанк” аманатчыларына жана өнөктөштөрүнө карызын төлөй албай калган. Улуттук банк каатчылык туура эмес менеджменттин айынан келип чыкканын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: