Menu

Атын өзгөртүүдөн маселе чечилеби же кооптондурган аталыш эмнеге алып келет?

Бөлүшүү:

Кыргызда “ооз кесир сүйлөбө”- деген кеп бар. Арийне, “пенденин оозундагы кудайдын кулагында”,- деп да айтылып келет. Бирок, иштеп жаткан түр көрсөткүсү келгендер мындай келоостоно сүйлөп коюудан да кайра тартышпайт экен.

Анткени, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Аскердик абал жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР конституциялык мыйзамдары кабыл алынгандыгына байланыштуу КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырып, парламенттин кароосуна чыгаруу чечимин кабыл алды. Анда мыйзамдардагы “аскердик абал” деген сөздөр толугу менен “согуштук абал” деген сөздөргө алмаштырылууда. “Өкмөт мурда кабыл алынган аскердик абал жөнүндө мыйзамдардагы “аскердик абал” деген сөздөрдү толугу менен “согуштук абал” деген сөздөргө алмаштыруу демилгесин көтөргөн. Ал тармактык комитет тарабынан да колдоо тапты. Бул эмнени каңкуулайт? “Эсиң барда этегиңди жап”- деген кепти эстегилечи акылдуусунгандар…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: