Menu

Памирлик калган туугандарыбызды көчүрүп келсек элдин да, өкмөттүн да көңүлү тынчыйт эле

Бөлүшүү:

Бир кезде, азыркы Кыргызстандын аймагына Совет бийлиги орногон 1917-жылдардагы  мезгилде ал түзүлүшкө каршы болгон мекенчил Рахманкул хан бабабыз өз туугандары жана журту менен Афганистандын Кичи жана Улуу Памир аймагына качып кеткен болчу.  Бирок андан бери бир кылымга жакын мезгил өтсө да памирлик деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте жашаган туугандарыбыз адамзат цивилизациясынан артта калып, ага-ини бири-бири менен куда сөөк боло бергендиктен генетикасы да бузула баштаган эле. 1970-жылдары Түркия өкмөтү памирлик туугандардын бир тобун Ван аймагына көчүрүп кетип, алар азыр ал жакта өзүнчө айыл болуп отурукташып калышты. Канткен менен эл-журт, мамлекет аларды кароосуз калтырбай, жыл сайын гуманитардык жүк алпарып, кабар алып турдук. Бирок памирликтерди Кыргызстанга көчүрүп келүү эле ылайыктуу болору бир нече жыл айтыла берип, акыры кыргыз өкмөтү коомчулуктун бул талабын жакында аткарып, 33 памирлик балдарды Нарын облусуна көчүрүп келди. Арасында кош бойлуу, улуу курактагылары да бар. Алгач бардыгы медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, андан соң күнүмдүк жашоого аралаша баштамакчы. Эми калган эки миңге жакын туугандарыбызды да көчүрүп келсек, элдин да, өкмөттүн да көңүлү тынчыйт эле.

Булак: «Майдан.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: