Menu

АКШ: «Талибан» Вашингтон менен кол койгон тынчтык келишиминдеги милдеттенмелерин аткарбай жатат

Бөлүшүү:

АКШнын коргоо министри Марк Эспер шейшембиде «Талибан» кыймылы Вашингтон менен кол койгон тынчтык келишимин сактабай, зомбулук уланып жатканын билдирди. Ал ошондой эле Ооганстандын өкмөтү да өз милдеттерин аткарбай жатканын белгиледи.

Министр ооган өкмөтү жана талибдер «биригип, белгиленген шартта прогресске жетиши керек» экенин кошумчалады.

Февралдын аягында узак сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШ менен «Талибан» мунасага келген. Ага ылайык март айынан тартып талибдер туткундагы миң ооганды, ал эми Кабул өкмөтү абактагы 5 миңдей жоочуну бошотмок.

Ошондон соң 2001-жылдан берки жарандык согушту токтотуш үчүн оогандар ич ара тынчтык сүйлөшүүсүн баштамак. Эки тарап 900дөй гана адамды бошотушту. Ал эми сүйлөшүү баштала элек.

«Талибан» маал-маал өкмөттүк күчтөргө каршы кандуу чабуулун улантууда. Ооган өкмөтүндө президенттик шайлоодон кийин экөө тең инаугурация өткөргөн Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла бир пикирге келгени жарыялана элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: