Пакистандын түндүк-батышында жанкечтинин жардыруусунан кеминде үч киши мерт кетти, анын экөөсү полиция кызматкерлери. Кол салуудан улам дагы төрт киши жаракат алды.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, 15-февралда эки жанкечти-террорист Мохманд аймагындагы Галани Техсиле администрациясынын имаратына кирип барууга аракет кылышкан. Ошол маалда алардын бири имараттын кире беришинде өзүн жардырып жиберген. Экинчиси коопсуздук күчтөрү менен атышуу маалында өлтүрүлгөн.
Азырынча кол салуу үчүн бир дагы уюм жоопкерчилик ала элек.
Ушул жуманын башында жанкечти Пакистандын чыгышындагы Лахордо жарыруу жасап, 13 киши курман болгон. Анда кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Талибан» кыймылынын пакистандык бөлүмүнөн бөлүнүп чыккан «Жамаат-уль-Ахрар» тобу өзүнө алган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ