Menu

Видео – Ксения Собчак президенттикке талапкерлигин коёрун жарыялады

Бөлүшүү:

Ксения Собчак 2018-жылы Орусия президенттигине талапкерлигин коё турганын расмий түрдө жарыялады. Теле алып баруучу бул чечимин беш жылдан бери оппозиционерлер менен өзгөрүүлөрдү талап кылып митингдерге чыгып жүргөнү, бирок өзгөрүүлөр болбой жатканы менен түшүндүрдү.

“Уурулар жана жемкорлор калп айтууну, бийлик ээлери уурдоону улантышууда”,– деди Собчак. Анын айтымында, президенттик шайлоого катышуу менен “баарына каршы” добуш берүү мүмкүнчүлүгүн кайтарууну каалайт. “Ксения Собчак – баарына каршы талапкер”, – деди теле алып баруучу.

Орусиялык ММКлардын маалыматы боюнча теле алып баруучу Владимир Путиндин администрациясынын макулдугу менен мамлекет башчылыгына ат салышат. Президенттикке талапкерлигин коюуга ниеттенген оппозиционер Алексей Навальный тележурналистти “карикатуралык либерал талапкер” деп сындаган. Собчак жооп иретинде оппозициянын ажырымы үчүн Навальныйды күнөөлөп, күчтөрдү бириктирүүнү сунуштаган.

Собчак оппозиционердин талапкерлиги каттоодон өтсө, шайлоого барбай турганын билдирген. Кремль шаршембиде Собчактын шайлоого катышуу ниети “Конституциянын бардык шарттарына туура келерин” жарыялады.

Санкт-Петербургдун мурдагы мэри, маркум Анатолий Собчактын кызы 2004-жылдан тарта ТНТ телеканалында “Дом-2” шоусунун алып баруучусу катары иштеген. Шайлоого катышуу ниети тууралуу билдирүүгө чейин Собчак атасы тууралуу даректүү тасмага Орусия президенти менен биргеликте тартылары белгилүү болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: