Menu

Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова сүйүшпөй калыштыбы?

Бөлүшүү:

Оо, бул экөөнүн махабаты абдан таттуу. Кээде эле көрө албастар туз-мурчунан сээп, даамын бузуп эле койбосо. Сүйүү ушундай болобу же экөөнүн жылдызы төп келишпейби, айтор, урушканы да бат, жарашканы да бат. Урушуп кеткенде, бири-бирин сен көр, мен көргө чейин барып, бир нече күндөн кийин эле жетелешип калганына таң бересиң. Бир кезде “Мен Нурланды байлыгы үчүн сүйгөн эмесмин. Аны менен сүйлөшүп жүргөндө, эч нерсеси жок болчу” деген Асел чыйпыйы чыгып жүрүп, чындап сүйөөрүн далилдеди окшойт. Жакында эле, Нурлан ага “Таттуу махабатым” деп обон созуп, клипке да тарта салды. Бул көпчүлүктүн көңүлүн буруубу же чындап эле ак сүйүүсүн арнадыбы, айтор, түшүндүрүп деле бере алышпады. Эмнеге дегенде, соңку күндөрү экөөнүн чогуу жүргөнүн деле көрбөй калдык. Кантсе да, эки жашка бакыт каалайлы. Эгер, болочокто турмуш жолун бирге басып калса, мына андан өткөн далил жок болсо керек.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: