Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн бир жылча жетектеген Айзада Субакожоева Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул кызматты кезинде кыргыз дипломатиясынын көзүрлөрүнүн бири Муратбек Иманалиев аркалап, далай мыкты дипломаттар эңсеп келген кызмат. Ошондуктан Субакожоева үчүн Президенттик алпараттын тышкы саясат бөлүмү бул карьералык секириктин эң сонун трамплини болду. 3-4 айдан бери бул маселенин оң жагына чечилишин күтүп жаткан Айзада айым эми болгон кесипкөйлүгүн ортого салып, ШКУдагы Кыргызстандын кызыкчылыгын жогорку деңгээлде алдыга жылдырат деп ишенели!
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ