Menu

Кыргызстан Ислам Университети менен Орусия Ислам Университети эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту

Бөлүшүү:

2014-жылы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен Орусиянын борбордук Мусулмандар Диний Башкармалыгынын диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча түзүлгөн келишиминин негизинде Ислам баалуулуктарын жайылтуу жана билим берүү тармагын кеңейтүү, терс багыттагы диний агымдардын алдын алуу максатында Орусия Ислам Университетинин ректору Сулайманов Артур Русланович жана Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Ибраев Марс Каипович эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы маалымдады.

Келишимдин негизинде эки тарап Орусия  жана Кыргызстанда эки өлкөнүн мыйзам чегинде жана эл аралык нормаларды сактоо менен бирге сапаттуу диний билим берүүдө бардык күч аракетин бирдей жумшайт. Тажырыйба алмашууда маалыматтык жактан өз ара бири бирин колдойт жана келишим боюнча магистратура, докторантура программалары боюнча илимий тажырыйба алмашууларды жүргүзүшөт. Келишим кол коюлган учурдан баштап 5 жылга созулуп,  көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда эки тараптын келишимден баш тартуусу болбогон учурда келишимдин мөөнөтү кезектеги 5 жылга узартылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: