Menu

Дастан Жумабеков же Исхак Масалиев – кимиси төрага болот?

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы кызмат ордуна «Кыргызстан» парламенттик фракциясы тарабынан Жумабеков Дастанбек Артисбековичтин, ал эми «Өнүгүү – Прогресс» парламенттик фракциясы тарабынан Масалиев Исхак Абсаматовичтин талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Талапкер Исхак Масалиев Кыргызстан парламенттик демократия жолуна түшкөнүн эске салып, спикерликке шайланып калса, кыргыз парламенти менен депутаттардын абыроюн көтөрүү, калктын суроо-талаптарын аткаруу жаатында аракеттерди жасай турганын баса белгиледи.

Ал эми «Кыргызстан» фракциясынын талапкери Дастанбек Жумабеков буга чейин жасалып келген аракеттер менен демилгелерди улантуулук салтын колго алуу менен, мурдагы спикерлердин тушунда иштелип чыккан Жогорку Кеӊештин Өнүгүү стратегиясын толук ишке ашыруу көӊүл борборунда болорун айтты.

Жыйын жүрүшүндө сүйлөгөн депутаттар эки талапкердин кыйла тажрыйба топтоп калган, узак жылдардан бери журт көйгөйүн көтөрүп келаткан эл өкүлдөрү болуп санала турганын, алар спикерликке толук татыктуу экенин белгилешип, алардын бирин колдоп берүүгө чакырышты.

Белгилей кетек, бүгүн, 25-октябрда өтүп жаткан жыйындын башында Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен токтото турганын жарыя кылган. «Кыргыз Республикасынын Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 19-беренесинин талабына ылайык, Жогорку Кеӊештин Төрагасы бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: