Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 2017-жылдын 26-октябрында саат 07:30да эпицентрде күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Жер титирөөнүн очогу Чоң-Алай районунун аймагында болуп, анын күчү Жайылма, Кашка-Суу, Кара-Кабак айылдарында 3 баллга, Кабык айылында 2,5 баллга жеткен.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ