Menu

Бишкектеги бир нече соода борборлору убактылуу ишин токтотот

Бөлүшүү:

Бишкектеги «Дордой Плаза» соода борбору өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу 8-июлдан 19-июлга чейин убактылуу ишин токтотот. Бул тууралуу аталган борбордун администрациясы 7-июлда билдирди.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү соода борборундагы «Фрунзе» гипермаркети, дарыкана жана «Демир банктын» бөлүмү гана иштейт.

Ушул эле күнү башкалаадагы «Asia Mall», «Технопарк» соода борборлору, «РИОМ» автоунаа базары да коронавируска байланышкан эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин карантинге жабыла турганын билдиришти. Аталган жайлар кайра качан иштей баштай турганы так айтылган жок.

Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус жайылып, абал курчуду. Вируска жана пневмонияга чалдыгып, каза болгондордун саны кескин көбөйдү. Учурда ооруканаларга медициналык жардам ала албагандар көп кайрылып жатышат. Бийлик жарандарды үйдөн чыкпоого чакырууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-июлда азырынча өлкөдө карантин киргизүү маселеси карала электигин айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: