Menu

Дүйшөн Керимов: «Ушак-айыңдын “улакчыларына” иш жок калды»

Бөлүшүү:

— Дүйшөн агай, көптөн күткөн Президенттик шайлоо тынч өткөнү менен талаш-тартыштардын аягы оңой менен басылчудай эмес…

— Бул табигый көрүнүш да, биз эмес дүйнөнүн демократиялык мамлекеттеринин атаманы делген Америкада өткөн Президенттик шайлоонун “Шайтан оюндары” эмгичекти басылбай жатат го. Шайлоо деген эч бир жерде таптаза өттү дегенди дегеле уга элекпиз. Эми шайлоону өткөргөнгө жоопкер бийлик албетте өз ишин мактайт, жактайт, ал эмес касам ичип ийгенге да даяр. Айрыкча кыргыздын шайлоосу өзүбүзгө жараша, бир сөз менен айтканда “Эшегине жараша тушагы”. Бирок, кандай болсо да ушунчалык географиялык акыбалда, дөө-шаа авторитардык мамлекеттердин чок ортосунда, бейиштин төрүндөй болгон алакандай Ала-Тообузда, алты миллион ар кошкон элибиз менен азбы-көппү демократиялык жышааналар жыттанган ушундай шайлоо өткөргөнүбүз да эрдикке тете иш. Мына ушинтип, өзүбүздү-өзүбүз далыга таптап сооротсок ким кой дейт, атаңдынгөрү дүнүйө…

— Сиздин оюңузча, баягыдай трайбализм-жердешчилик роль ойнодубу?

— Ой, андай “Ит оору” бизде кантип эле жоголуп кетсин… Билесиңби, бул боюнча бир абышка мени “Мат” кылган. Мен кембагал да кезинде трайбализмди жек көрүп мөңкүп жүрсөм, жанагы абышка: “Атаңдын как башы! Ошол сен айткан трайбализм кыргызыңды кылымдардан бери сактап келгенин унутпа. Андагы көчмөн доордо азыркыдай ООН, ШОС дегендей жардам сурап кайрыла турган уюм болбосо ач бөрүдөй туш-туштан талаган каар заманда Ала-Тоонун ар-ар коюнундагы ак калпак элиң ошол уруу башчыларына, баатырларына баш ийип, ошолордун жетегинде, башкаруусунда ант менен шертти туу тутуп, намыс үчүн өлүп-тирилип, сынган бутун канжыгага байлап, кырчылдашып жүрүп дүйнөнүн көз жашындай болгон асыл мекенибизди экөөбүзгө калтырып кетпедиби, баатыр…” Не дейбиз тууганчылдык, бирбоор сезим дайыма жашасын, бирок “Туура бийде тууган жок” деген принципти эл башчылары унутпасын деп да, тилейли.

— Эми жаңы шайланган Президентибиз жөнүндө сөз, адатта эл башчы болгон адамдардын ата-теги, ал тургай эне теги да тыкыр изилденип, “Кыргыз-кыргыз эмес” деген талаш-тартыштар да башталат эмеспи. Ошондуктан, көчмөндөр оюндарын, санжыра, санаттарды изилдеп жүргөн адам катары бул жаатта да кабарыңыз бар чыгар?

— Бар эмей, сөздү азил аралаш уласак, эл-жер кыдырып жүрүп не бир кызык-кызык сөздөрдү эшитесиң. Баягы жылдары Ноокатта токсон жаштагы Азим аксакал менен масилеттешип отурсак, мындай деп күлдүргөн: “Эй үка, өзүң аркалык экенсиң, ошол аркада Сарыбагыш деген битта эл бар. Биздин ичкиликтерден өткөн бийлик олорго барат, олордон кайтып бизге келет. А ортолуктагы сен айтып аткан Адыгене жана башкалардын тукумдарына дегеле бийлик тийген эмес…” Бул шакабалуу узак маектин жыйынтыгы ушул: Маселен, эсил СССР учурунда орустардан кийинки республиканын биринчи жетекчиси И. Раззаков ичкилик урууларынан делсе, кийинки Т. Усубалиев сарыбагыш, А. Масалиев ичкилик, ал эми Президенттер — ​А. Акаев сарыбагыш атын жамынган, К. Бакиев ичкилик болуп айтылып калганында. Узун сөздүн кыскасы, мен билгенден эмки Президент Сооронбай Жээнбеков дал ошол “Бийлик тийбеген” Адыгене уруусунун Теңизбай уругунун урпагы. Илгеркисин коюп жакынкы тарыхка кайрылсак, айтылуу Алымбек Датканы сан кылымдан бери бир хандыкка зар болгон Арка, Анжиян кыргыздары биригип хан көтөрүүгө баталашып, чоң далалат жасаганы маалым. Бирок тилекке каршы, ошол тарыхый зор мүмкүнчүлүк өзүбүздүн ич ара ырксыздыктын жана кенебестиктин айынан колдон чыгып кеткени да өтүмүш трагедия. Мына ошол Алымбек Даткадан кийин Адыгенеге оомат эми келди. Кут болсун дейли, жаңы Президентибиздин ата, эне теги жана кайын-журту да кып-кыргыз экендиги чын. Демек, айрым ушак-айыңдын салттуу “Улакчыларына” иш жок калды шекилдүү.

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: